Редакцияот 23.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы 

2023-жылдын 23-январы №7

Үч-Төбө айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) уставын бекитүү жөнүндө

 

     Үч-Төбө айылдык Кеңешинин укук тартиби жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын жана Үч-Төбө АКИАнын төрагасы Т.Жолдошбаевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши

 

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагы,Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын (АКИА)айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставтык иш жүргүзүүсүнүн чек арасы катары аныкталып белгиленсин

.

2.Жергиликтүү (АКИА) айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын протоколдорунун негизинде Үч-Төбө  АКИАнын уставы бекитилсин.

 

3.АКИАнын Үч-Төбө айыл аймагынын чектеринде өз ара кызматташуу багытына ылайык, өз ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага:  

 

 Асантай  уулу А