Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2024-жылдын 25-январы № 27

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 28-берененин 2-бөлүгү "уурдоо (205-берене)," деген сөздөрдөн кийин "мал уурдоо (205-1-берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрү)," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2051-берене менен толукталсын:

"2051-берене. Мал уурдоо

1. Мал уурдоо, башкача айтканда олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн малын жашыруун уурдоо, -

жүз сааттан жүз сексен саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан алты айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же алты айдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Олуттуу өлчөмдө жасалган мал уурдоо, -

эки айдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Мал уурдоо:

1) ири өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) турак жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же малканага, мал кармалган тосмого кирүү менен жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Мал уурдоо:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде мал деп, майда жандык, бодо мал, жылкы, эшек жана качыр, төө, чочко түшүнүлөт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-январындагы № 8 (3561) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2023-жылдын 13-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган