Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 24-январы № 26
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 38-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13 жана 14-пункттар менен толукталсын:
"13) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык каттамдарда лицензиясыз ташууну жүзөгө ашырганда;
14) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүргөндүгү үчүн белгиленген жыйымды төлөбөгөндө.";
2) 181-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"181-берене. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) жана автомобиль жолдорунун сакталышын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка талаптарды сактабоо
1. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу) -
жеке жактарга - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жүк жөнөтүүчүнүн ташылуучу жүктүн транспорттук документтеринде жүктүн массасы же габариттери жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүсү -
жеке жактарга - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Юридикалык жак тарабынан транспорт каражатына жүктү жүктөөдө жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдеринен ашыруу -
550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Эгерде транспорт каражаттарынын кыймылына мындай чектөөлөр жол-климаттык шарттардан улам киргизилсе, автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу токтотуунун же чектөөнүн талаптарын сактабоо -
жеке жактарга - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
3) 192-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдеринин бузууларын (ашырууларын) фото жана видео фиксациялоо функциясы бар атайын техникалык каражаттар орнотулган жол участокторунда жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо -
жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
4) 200-беренеде:
а) 5 жана 6-бөлүктөрдө "175" жана "550" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "200" жана "650" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө:
- биринчи абзацта "берилген кабарламаны аткарбастан," деген сөздөр "берилүүчү кабарламаны аткарбастан жана эсепке алуу талонусуз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта"175" жана "550" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "200" жана "650" деген цифраларга алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"8. Чет өлкөлүк уруксат бланктарын ата мекендик ташуучу тарабынан башка ата мекендик ташуучуга пайдалануу үчүн өткөрүп берүү -
жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
9. Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык автомобилдик ташууларды толтурулбаган уруксат бланктары менен, же болбосо уруксат бланкында транспорттук контролдоо органынын кызмат адамынын белгилөөсү жок жүзөгө ашыруусу -
жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
5) 21-глава төмөнкүдөй мазмундагы 200-1 жана 200-2-беренелер менен толукталсын:
"200-1-берене. Жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу эрежелерин бузуу
1. Товардык-транспорттук коштомо кагазысыз (ТТК) жана автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленген башка документтерсиз жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруу -
жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ата мекендик ташуучулар тарабынан ички жүк ташууларда транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузуу менен башка мамлекетте катталган чиркегичтерди жана жарым чиркегичтерди пайдалануу -
жеке жактарга - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
200-2-берене. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүргөндүгү үчүн жыйым төлөө боюнча талаптарды бузуу
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүргөндүгү үчүн белгиленген жыйымды төлөбөө -
жеке жактарга - 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
6) 463-берене "181," деген цифралардан кийин "185," деген цифралар менен толукталсын;
7) 514-берененин 3-бөлүгү "Сертификатталган" деген сөздөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин аныктоо үчүн пайдаланылуучу фото, кино тартуу жана видео фиксациялоо функциялары бар" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 563-берененин 5-бөлүгүндө "195-200" деген цифралар "195 - 200-2" деген цифраларга алмаштырылсын;
9) 571-берененин 1-бөлүгү "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 13-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |