Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы

2023-жылдын 18-августу № 1

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында, жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

(Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Жаңы-Ноокат айылынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инвестиция тартуу, кошумча жумушчу орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундарына, жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” № 3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында: Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине жана 15- беренесинин 8-2 бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкерлерге колдоо, көрсөтүү, айыл аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инвестиция тартуу, кошумча жумушчу иш орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундарына жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” жана башка жер мамилелери боюнча мыйзамдарына ылайык (аукцион, конкурс, жана башка талаптар), Күнгөй-Хасана айылынын тургуну Акбаров Авазбек Маматкодировичтин 2023-жылдын 30-майындагы убактылууижара келишиминин негизинде фасадный кафель жана брюсчатка иштеп чыгаруучу цехти куруу үчүн 0.20 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.

(Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)

2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов