Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы

2023-жылдын 18-августу № 2

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жаңы-Ноокат айылында уюштурулган “Жандама” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 18-августундагы № 01-19/723 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ноокат айылында жайгашкан “Жандама” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа  ачуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жаңы-Ноокат айылында эмгектенип келе жаткан “Жандама” мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.

2.“Жандама” мектепке чейинки билим берүү мекемесине ачылган кошумча тайпа боюнча бюджет эсебинен айлык эмгек акылары, тиешелүү өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов