ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылындагы жергиликтүү бюджетинин биринчи жарым жылдыгынын кошумча киреше салыгынан түшкөн 4 000 000 (төрт миллион) сом акча каражаттын жана калктуу пункттардагы жерлеринен алынуучуу акыдан түшкөн 600 000 (алты жүз) миң сом акча каражаттына, № 1 Тиркемеге ылайык учурдагы жылдын жергиликтүү бюджетине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин ( 7-чакырылышы) кезектен сырткаркы № 18-сессиясынын № 3 токтомуна № 1тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин биринчи жарым жылдыгынын кошумча киреше булактары жана алардын экинчи жарым жылдыктагы пайдалануу багыттарын тизмеси
№ | Кирешелердин аталышы | Сумма |
1 | Салык агентине төлөгөн киреше салыгы | 4 000.0 |
2 | Милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салык | 0 |
3 | Ыктыярду салыктын негизиндеги патенттөө | 0 |
4 | Ишкердик иш-аракетти жүргүүзү үчүн колдолунган кыймылсыз мүлк салыгы | 0 |
5 | Жеке адамдардын транспорт каражатына салыгы | 0 |
6 | Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 0 |
7 | Айыл-чарба багытындагы жер салыгы | 0 |
8 | Айыл-чарба багытында эмес жер салыгы | 0 |
9 | Чегерүүлөрдү өнүктүрүү жана тейлөө инфраструктурасы | 0 |
10 | Рояллти | 0 |
11 | Кең байлыктарды казуу үчүн лицензия төлөө | 0 |
12 | Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы | 600.0 |
13 | Таштанды төлөмү | 0 |
14 | Жайыт ижарасы үчүн акысы | 0 |
15 | Муниципиалдуу имарат ижара акысы | 0 |
16 | Атайын каражаттар | 0 |
17 | Толуктоочу грант | 0 |
18 | Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы | 0 |
| Кирешелердин жыйынтыгы | 4 600.0 |
1 | 701-Аппарат | 0 |
2 | Р-701 айылдык кеңеш | 0 |
3 | Р-702 граждандык оборона | 0 |
4 | Р-704 жайыт | 0 |
5 | 704-Экономика жана айыл-чарба | 1 200.0 |
6 | 706-ЖКХ | 3 600.0 |
7 | 708-Маданият | 0 |
8 | 709-Билим берүү | 0 |
9 | 710-Соц жардам | 0 |
| Чыгымдардын жыйынтыгы: | 4 600.0 |