ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 5
Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 123 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу боюнча Программасын бекитүү тууралуу
Жаңы-Ноокат айыл аймагында азыркы күндө үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулагандыгына байланыштуу, элдин турак-жайга болгон муктаждыктарын эсепке алып, турак-жай куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылган жарандарга жер тилкесин берүү максатында, тиешелүү адистер тарабынан 2021-2022-2023-жылдар аралыгында, даярдалган иш-кагаздарын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9- бөлүгүнүн 7-бөлүкчөсүнө жана 12- бөлүгүнүн 3-бөлүкчөсүнө ылайык, жергиликтүү аймактын шартынын негизинде даярдалган турак-жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү маселелерин чечүү жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу боюнча Программа жана аталган Программанын аткаруу боюнча иш-чаралар № 1 жана № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген иш-чараларды өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” жана “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) 2023-жылдын 18-августундагы № 5 Токтомуна
№ 1Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарынын турак-жай менен камсыз кылуу боюнча Программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн түзүлгөн
Иш-чаралар
№ |
Аткарылуучу иштердин мазмуну
|
Аткаруу мөөнөтү |
Ресурстар |
Жооптуулар |
Эскертүү
|
1 | Айылдардагы турак-жай курууга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо |
2023-жыл
|
Ресурс талап кылынбайт | М.Сабиров, А.Артиков, Ш.Акбаров, А.Махмудов М.Журабоев, АЯйлопов, Т.Норматов, А.Юсупов, А.Арабоев
|
|
2 | Турак-жай курууга муктаж үй-бүлөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү |
2023-жыл
|
Ресурс талап кылынбайт | М.Сабиров, А.Артиков, Ш.Акбаров, А.Махмудов М.Журабоев, АЯйлопов, Т.Норматов, А.Юсупов, А.Арабоев
|
|
3 | Айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо |
2023-жыл
|
Ресурс талап кылынбайт |
М.Хайдаралиев |
|
4 | Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды берүү |
2023-жыл
|
Ресурс талап кылынбайт |
М.Хайдаралиев |
|
5 | Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттарында архитектуралык иш-кагаздарын даярдоо |
2023-жыл
| Жергиликтүү бюджет | М.Хайдаралиев жана М. Собиров |
|
6 | Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттарын жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү |
2023-жыл
| Ресурс талап кылынбайт |
Айыл өкмөтү
|
|
7 | Турак-жай куру үчүн берилүүчү жер тилкесинин өлчөмүн жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү |
2023-жыл
| Ресурс Талап кылынбайт |
Айыл өкмөтү
|
|
8 | Турак-жай куруу үчүн жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүүнүуюштуруу | 2023-2024- жылдар |
Ресурс талап кылынбайт | М.Сабиров, А.Артиков, Ш.Акбаров, А.Махмудов М.Журабоев, АЯйлопов, Т.Норматов, А.Юсупов, А.Арабоев
|
|
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Т.Ниязалиева
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) 2023-жылдын 18-августундагы № 5 Токтомуна
№ 2Тиркеме
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Программасы
1.Киришүү бөлүгү
2.Программанын максаты жана милдеттери
3.Айыл тургундарына турак жай үчүн жер участогун берүүнү камсыз кылуунун иликтөө
4.Программанын иш жүзүнө ашыруунун механизимдери
5.Күтүлүүчү натыйжалар
1.Киришүү бөлүгү
1. Киришүү
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу боюнча Программа (мындан ары — Программа) Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабын аткаруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга берилет деп белгиленген.
Жаңы-Ноокат айыл аймагында азыркы күндө элдин саны 32 288 кишини түзөт. Жыл сайын жаңыдан үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, 2017-жылы 290, 2018-жылы 340, 2019-жылы 210, 2020-жылы 280, 2021-жылы 290, 2022-жылы 320, 2023-жылдын 6-айында 150 үй-бүлө курулган. Адам санынын эсебинен чоң кожолуктарда турмуш курган жаңы үй-бүлөлөрдүн саны эки жана үчкө жеткендиги, ар түрдүү себептер менен турмушу бузулуп кеткен үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугуна байланыштуу үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүгү жок айыл тургундарынын санынын артышы, жер участогун алууга мыйзам чегинде жеңилдиги бар айыл тургундары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн убакытта алардын саны 3146 кишиге жеткен. Аталган айылдардагы турак-жайга муктаж болгон жарандар үчүн акыркы ирээт 2013-жылы жер участоктору берилген.
Айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жайга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү иликтөө иштеринин жыйынтыгы:
№ | Айылдардын аталышы | Кожолуктун саны | Турак-жай курууга муктаж адамдардын саны |
Эскертүү |
1 | Күнгөй-Хасана | 195
| 35 |
|
2 | Дөң-Кыштак, Тескей | 1256 | 407 |
|
3 | Кызыл-Тейит | 445 | 155 |
|
4 | Жаңы-Ноокат | 883 | 547 |
|
5 | Мончок-Дөбө, Жандама | 1069 | 584 |
|
6 | Темир-Корук | 218 | 196 |
|
7 | Катта-Тал | 858 | 548 |
|
| Бардыгы | 4 924 | 2472 |
|
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер участоктору:
№ | Айылдардын аталышы | Ажыратылган жер аянтынын өлчөмү, га |
|
1 | Күнгөй-Хасана | 14.68 |
|
2 | Мончок-Дөбө | 40.01 |
|
3 | Дөн-Кыштак жана Тескей | 25.22 |
|
4 | Кызыл-Тейит | 3.45 |
|
5 | Темир-Корук | 19.75 |
|
6 | Катта-Тал | 30.66 |
|
| Айыл аймагы боюнча: | 133.77 |
|
2023-жылы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен жергиликтүү аймактардын шарттарын карап, турак-жай куруу үчүн жер участогун ажыратуу турак-жайга муктаж болгон жарандарга жер участогун бөлүп берүү иштери Программасынын негизинде жүргүзүлүүсү белгилеген.
2. Программанын максаты жана милдеттери
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашаган жаңы курулган үй-бүлөлөрдү жана айыл тургундарынын жашоо денгээлин жогорулатуу, жаштарды өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө шарт түзүү максатын иш-жүзүнө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл.
1.Айылдардагы турак-жай курууга муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн тизмесин тактоо.
2.Турак-жай курууга муктаж үй-бүлөөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү.
3.Айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо.
4.Турак-жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогорку турган органдарга сунуштарды берүү
3. Айыл тургундарын жер участок менен камсыз кылууну иликтөө
Жарандарга турак-жай куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жерлер Жаӊы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Аулгазы участкасында жайгашкан жер картасынын № 228, № 849 контурларындагы 30.66 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 30.0 га жер аянты кайрак айдоо жана 0.66 га жер аянты таштуу жайыт жеринен, Дөң-Кыштак жана Тескей айылдарындагы айыл өкмөтүнүн жер тилкесинин № 17, № 18, № 20, № 21, № 27, № 30, № 31, № 32, № 33, № 35, № 36, № 38, № 40, № 42, № 48, № 49, № 64, № 68, № 70, № 81 жана № 811 контурларындагы 25.22 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 1.19 га жер аянты кысыр ансыз, 1.0 га жайыт жер, 1.78 га жер аянты мелиоративдүү даярдоо жана калган 21.25 га жер аянты көп жылдык бак жерлеринен, Темир-Корук айылындагы айыл өкмөтүнүн жер тилкесинин № 93, № 106, № 107, № 108, № 109, № 111, № 135, № 138, № 139, № 129, № 144 жана № 145 контурларындагы 19.75 га жер аянты, бардыгы болуп көп жылдык бак жеринен, Кызыл-Тейит айылындагы жер тилкесинин № 4311 контурундагы 3.45 га жер аянты бардыгы кайра бөлүштүрүү фондунун көп жылдык бак жеринен, Мончок-Дөбө айылындагы айыл өкмөтүнүн жер тилкесинин № 866-872, № 858, № 863, № 868, № 8861, № 879, № 887, № 890, № 2243, № 2470 жана № 867 контурларындагы 40.01 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 25.71 га жер аянты кайрак айдоо, 7.10 га жер аянты таштуу жайыт, 4.31 га жер аянты мелиоративдүү даярдоо жана 2.89 га жер аянты көп жылдык бак жерлеринен жана Күнгөй-Хасана айылындагы № 264, № 359, № 360, № 362, № 364, № 467, № 645, № 651, № 656, № 657, № 658, № 660 жана № 662 контурларындагы 14.68 га кайра бөлүштүрүү фондунун ичинен: 6.95 га жер аянты таштуу жайыт, 2.76 га жер аянты жайыт, 2.47 га жер аянты бадалдуу жайыт жана 2.5 га көп жылдык бак жерлери болуп, айыл өкмөтүнун кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги жалпысы 133.77 га жер аянтын.
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизимдери
Жер участогун которуу боюнча иш-кагаздары жергиликтүү кызматтардын, анын ичинде архитектура жана курулуш, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл жана суу-чарбасы, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жер пайдаланылышын контролдоо инспекциясы жана башка райондук структуралар менен макулдашылып иш жүзүнө ашырылат.
Пландаштырылган жер аянттарынын калктуу конушка жакын жайгашуусу инженердик коммуникацияларды, электр энергиясынын берүү линияларын, суу түтүктөрүн, телефон линияларын тартууга, ошондой эле социалдык объектилерди, анын ичинде: мектеп, балдар бакчасын, медициналык объектилерди курууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин аныктайт.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу калктын биринчи кезекте кожолукта эки жана үч келини бар үй-бүлөөлөрдүн социалдык маселелери чечилет, мыйзам чегинде жеңилдиктери бар болгон айыл тургундардын мамлекетке болгон ишеничтерин бекемдейт, ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген, жугуштуу ооруга дуушар болгон адамдардын жашоого болгон кызыгуусун арттырууга, үй-бүлөлөрдө психологиялык абалды стабилдештирүүгө, жаш үй-бүлөлөрдүн араздашуу жана ажырашуу маселелерин азайтуу маселеси чечилиши күтүлүүдө.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Т.Ниязалиева