Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы

2023-жылдын 18-августу № 7

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарынын, калктуу конуштун ичинде жашап жаткан турак-жайларын мыйзамдаштыруу жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелери берилип, айыл аймакта туруктуу жашап, ар кандай себептерден азыркы күнгө чейин токтомдору чыкпай калган айыл тургундарынын көптөгөн арыздарын жана суранычтарын эске алып, айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдардын калктуу конуштун ичинде туруктуу жашап жаткан жеке менчик турак-жайларын мыйзамдаштырып берүү маселесин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу” жөнүндөгү 2022-жылдын 01-апрелиндеги № 21 мыйзамынын, 8-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-32 беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

 

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелери берилип, айыл аймакта туруктуу жашап, ар кандай себептерден азыркы күнгө чейин токтомдору жок, айыл өкмөтүнүн 2002-2003-2004-жылдардагы турак-жайларын жалпы каттоодон өтпөй, ээсиз (безхоз) болуп калган турак-жайларын тиешелүү жер аянтын мыйзамдаштырып берүүгө, төмөнкү шарттардын негизинде макулдук берилсин:

-Ноокат райондук мамлекеттик архив бөлүмүнүн, айыл тургундарынын тиешелүү жер аянттарынын архивдик маалымат каты боюнча;

-Айыл өкмөтүнүн жер адисинин, тиешелүү жер аянты туурасындагы жазма билдирүүсү боюнча;

-Айыл тургундарынын жашаган жери, курган үйү тууралуу маалыматы, кошуналары, аталаш тууганы, ага-эжелери, сол жана оң жактагы кошуналары менен талаш-тартыш болбогондугу туурасындагы, айыл өкмөтүнүн юристи, айыл башчысы, жооптуу катчы, жана көчө комитетинин төрагасы менен биргеликте түзүлгөн актысы боюнча;

-Айыл тургундардынын жогорудагы жер аянттары жөнүндөгү арыздары боюнча;

 2.Айыл тургундарынын турак-жай жер аянттарын мыйзамдаштырып, архитектуралык иш-кагаздарын, Кыргыз Республикасынын Жер жана Жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынан даярдап берүү жагы суралсын.

3.Жогорудагы жер аянттарына тиешелүү чечим кабыл алып берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администациясынын жер укуктарын жөнгө салуу боюнча комиссиясынан суралсын.

4.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевке, көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 К. Сатторов