ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 18-августу № 8
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Катта-Тал айылында жаңы 60 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын тургуну З.Мукумбоеванын 2023-жылдын 04-августундагы арызына негиз, Катта-Тал айылында жаңы 60 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндөгү маселесин карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 14-августундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын тургундарынын демилгеси менен айыл тургуну Мукумбоева Замирахондын жеке менчик үйүндө жаңы 60 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга макулдук берилсин.
2.Жаңы ачылып жаткан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |