Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы

2023-жылдын 18-августу № 12

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын, Зарибдар бөлүмүндөгү жаңы көчөгө наам ыйгаруу жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл  өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын Зарибдар бөлүмүндөгү  жаңы көчөгө наам ыйгаруу боюнча айыл тургундарынын 2023-жылдын 27-июлундагы чогулушунун протоколун карап чыгып жана талкуулап,   Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын Зарибдар бөлүмүндөгү Ахмаджан ата көчөсүнүн жогорку жагындагы жаңы көчөнүн аталышына,  эл арасында кадыр-баркка ээ болгон маркум Маткаримов Мирзохиддин наамы ыйгарылсын.

2.Аталган көчөөнү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,  жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов