Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 1

Жергиликтүү маанидеги маселени аткаруу боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүлгөн иштердин, милдеттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 2 жана 3-бөлүмүндөгү, 27 жана 34-беренелерине ылайык, “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 261 буйругунун жетекчиликке жана  аткарууга алуу, айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн Типтүү тартибин бекитүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 1-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму                                                   

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл аймагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн Типтүү тартиби № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов

 

 Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин  (жетинчи чакырылышы) 2023-жылдын 05-июнундагы № 1Токтомуна

Тиркеме

  

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө Жергиликтүү маанидеги маселелерди   башкаруунун Типтүү тартиби

§1. Жалпы жоболор жана терминдер

1.Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарунун бул типтүү тартиби (мындан ары – Типтүү тартип) Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча Жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу “Жергликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27.34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.

2.Типтүү тартип Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө өзүнүн компетенциясынын чегинде Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.

1.Бул Типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат:

Жергиликтүү маанидеги маселелер – Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү жана алардын кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын тузден-туз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;

Компетенция – мамлекеттик органдын же Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы;

Көзөмөл – ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна, аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапатына, белгиленген көрсөкүчтөргө же кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;

Мониторинг жана баалоо- башкаруу субъектине башкарылуучу объектке эффективдүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объекттин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси;

Милдеттенме- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүлүүчү  жумуштар, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык- техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин, ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;

Уюштуруу- Жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;

Ыйгарым укук- мамлекеттик бийлик органдарынын же Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган укугу;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы- бул уюмдардын, ишканалардын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук,уюштуруучулук-техникалык,уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу, контролдоо), Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;

Башкаруу- уюмдун максатына же конкреттүү маселени чечүүгө багытталган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу,мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;

Кызмат- юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канааттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башкаруу органдарынын иш-аракети.

 

§2. Типтүү тартипти даярдоо жана ишке ашыруу этаптары

1.Типтүү тартип Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт:

Жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу, чечүү процессин уюштуруу жана жүзөгө  ашыруу, Жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг баалоо жана контролдоо жүргүзүү.

2.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу, Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүктүрү программаларын, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, ошондой эле анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш-пландарын иштеп чыгуу алкагында ишке ашырылат.

3.Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу, Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аракеттерди камтыйт.

4.Функциялардын, кызмат көрсөтүлгөндүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөгө ашырат:

№ 1 кадам

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.

№ 2 кадам

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү талдоолордун жыйынтыгынын негизинде, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.

№ 3 кадам 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү,  Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер пландан бөлүнүп белгиленин чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер пландан бөлүнүп белгиленет.

№ 4 кадам

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.

№ 5 кадам

Жергиликтүү кеештин регламентине ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин токтомунун долбоору Жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук талкуудан өтөт.

№ 6 кадам.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-милдеттердин. кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеңештин Типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, Жергиликтүү кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде келтирилген).

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал төмөнкү чараларды камтыйт:

-Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча милдеттерди,чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү;

-кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрядчыны тандоо/дайындоо жол-жобосунун процедурасын жүргүзүү;

-көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо (зарыл болгон учурда);

-жарандардын айрым категорияларын кызматкөрсөтүлгөн үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенсациялык чараларды белгилөө (зарып болгон учурда):

-Жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;

-Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар.

2.Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар Жаңы-Ноокат айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт түрүндө, ошондой эле Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн чечимдеринин негизинде көрүлүшү мүмкүн.

§3.Жарандардын Жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо жана башкаруу процесстерине катышуусу

1.Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында Жергиликтүү жамаат Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды талкуулоого кеңири тартылат.

2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү,  Жергиликтүү жамаатка, Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кенири маалымат берет. Аны маалыматтык такталгандыгын пайдалануу, айыл  аймагынын веб-сайтына, социалдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.

3.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча демилгелөө, милдеттерди жана иш-чараларды талкуулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында: Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө, жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат.

4.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.

5.Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары, Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши тарабынан өз жыйналыш тарзында каралат.

  

Жооптуу катчысын милдеттин аткаруучу            Т.Ниязалиева