Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 8

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчик эсебиндеги “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тарых музейин” ачуу жана анын курулушуна жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-июнундагы № 193 сандуу катына негиз, айылыбыздын даңктуу тарыхын кийинки жаш-муундарга сактап өткөрүп берүү жана айыл жаштары тарабынан көтөрүлгөн демилгени колдоо максатында: Айыл өкмөттүнүн имаратынын түштүк тарабынан, муниципалдык менчик жер эсебиндеги 225 чарчы метр жер аянтына “Жаңы-Ноокат” айыл өкмөтүнүн тарых музейин” ачуу жана анын курулушуна жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз жанаКыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 5-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму              

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл аймактын даңктуу тарыхын сактап, айылдын бай-мурастарын, кийинки жаш-муундарга сактап өткөрүп берүү жана айыл жаштары тарабынан көтөрүлгөн демилгени колдоо максатында: Айыл өкмөт имаратынын түштүк тарабынан, муниципалдык менчик жер эсебиндеги 225 чарчы метр жер аянтына, “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тарых музейин” ачуу жана анын куруулушуна макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-июнундагы № 193 сандуу каты канааттандырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын жана айыл өкмөтүнүн 2023-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨП),  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов