Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 9

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу   “Кызыл-Тейит” айылынын Кызыл-Күнгөй бөлүмүндөгү муниципалдык менчик эсебиндеги кайрак, айыл-чарбасына ыңгайсыз, таштанды 0.30 га  жер аянтын өздөштүүрү үчүн убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө  

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылынын Күнгөй бөлүмүндөгү муниципалдык менчик эсебиндеги кайрак, айыл-чарбасына ыңгайсыз, таштанды 0.30 га  жер аянтын убактылуу өздөштүүрү үчүн пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2-бөлүмүндөгү, 18-беренесине негиз жанаКыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 5-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну Мамасидик уулу Таирбекке, Кызыл-Тейит айылынын Күнгөй бөлүмүндөгү муниципалдык менчик эсебиндеги кайрак, айыл-чарбасына ыңгайсыз, таштанды 0.30 га жер аянтын убактылуу өздөштүүрү үчүн  ижара келишиминин негизинде пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 23-майындагы № 165 сандуу каты канааттандырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 сандуу “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби” жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары” жөнүндөгү токтомдорунун негизинде ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов