ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы
2023-жылдын 5-июну № 11
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-июнундагы № 191 сандуу катына негиз
Жаңы-Ноокат айыл аймагында айыл тургундарынын саламаттыгын сактоо, ден соолугун коргоо жана чыңдоо, саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Шакар-Кыштак айылынын тургуну Кадиров Абдулкасимдын арызы боюнча, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарынын ден- соолугун коргоо жана чыңдоо, саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында: Медигос борбордук үй-бөлөлүк дарыгерлер борборунун, Жаңы-Ноокат айылындагы № 12, № 13 УДТ нын борбордук административдик имаратынын кире беришинин сол жагындагы жериден, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк түрүндөгү убактылуу ижара келишиминин негизинде, имаратка жабыштырып санариптик Рентген кабинетин курууга макулдук берүү жөнүндөгүЖаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-июнундагы № 191 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Жогорудагы санариптик Рентген кабинетин курууга суралган жер аянтын берүү тартиби, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары” жөнүндөгү токтомдорунун негизинде аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Саламаттык Сактоо министрлигинин жооболорунун негизинде, тийиштүү керектелүүчү уруксаат кагаздарын алуу, иш-кагаздарды мыйзам чегинде даярдоо, төлөнүүчү бардык мамлекеттик төлөмдөрдү мыйзам негизинде өз убагында төлөп баруу жагы А.Кадировго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнуктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Жамоловго милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |