БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик айылдык кеңешинин 33 отуруму
28-созыв
2023-жылдын 6-апрели № 20-п
« ТӨМ боюнча долбоорду бекитүү жөнүндө»
Депутат Жумагулов Адилет Мурадиловичтин маалыматын угуп, талкуулап, айыл аймагынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү жана чечүү көйгөйлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн апрель айындагы токтомунун негизинде 2015-жылдын 21-ноябрындагы №230 “Үлүштүк гранттар аркылуу долбоорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамаларды бекитүү тууралуу” Байтик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылга ТӨМ долбооруна катышуу үчүн долбоорлорду бекитүү жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө уруксат берүү;
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен дем берүүчү гранттарга долбоордук табыштамалардын сынагына катышуу үчүн документтерди даярдап жөнөтсүн жана бюджетти түзүүдө эске алсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдразаковго тапшырылсын.
Төрөайым |
| Д.Б. Шаршембаева |