Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 13

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын  02-июнундагы № 190 сандуу катына негиз        

                                                                                 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын тургундарынын арызын канаттандыруу максатында, Катта-Тал айылындагы “Сурпаташ” көрүстөнү толуп калгандыгына байланыштуу, Катта-Тал айылынын жогорку жагында жайгашкан кайрак, суусуз кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги 12.0 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине жана 15- беренесинин 8-2 бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 7-бөлүкчөсүнө ылайык,  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Катта-Тал айылынын тургундарынын арызын канаттандыруу максатында, Катта-Тал айылынын жогорку жагында жайгашкан кайрак, суусуз кайра бөлүштүрүү фонд жер эсебиндеги 12.0 га жер аянтын көрүстөн үчүн  ажыратуу максатында, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан    өнөр-жай,  транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук  берилсин.

2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 12.0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан    өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөп Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,  экология жана жаратылышты  коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 К. Сатторов