ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы
2023-жылдын 5-июну № 16
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына таштандыларды таштоо үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына таштанды таштоо үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2-бөлүмүндөгү, 18-беренесине негиз жанаКыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 11-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, "Жаңы-Ноокат-Тазалык" муниципалдык ишканасына, Күнгөй-Хасана айылынын Аулгаз участкасынан, жайыт жер эсебиндеги 2.0 га жер аянтын таштанды полигону үчүн ажыратуу максатында, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 29-майындагы № 173 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн 2.0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөп Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |