ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы
2023-жылдын 5-июну № 18
Кызыл-Тейит айылынын тургуну Майдинова Зилалахон Абдумаликовнага тиешелүү курулуштардын орду багытындагы 1500.0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Тейит айылынын тургуну Майдинова Зилалахон Абдумаликовнага тиешелүү курулуштардын орду багытындагы 1500.0 чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 7-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Тейит айылынын тургуну Майдинова Зилалахон Абдумаликовнага тиешелүү курулуштардын орду багытындагы 1500.0 чарчы метр жер тилкесин, максаттык багытын турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 29-май күнкү № 173 сандуу катыканааттандырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстерине ылайык, керектүү салык жана башка төлөмдөрүн чогултуу менен, ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловко милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |