ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы
2023-жылдын 5-июну № 20
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата келечек пландарына кошумча жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программасына өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 7-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагында “САSA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун алкагындагы, экономикалык багытында “Тигүү цехин куруу” бизнес долбоорунун ишке ашырууну камсыз кылуу, айыл аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасынын өнүктүрүү максатында, Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылынын тургуну М.Махмудовго тиешелүү болгон жеке менчик имараттын 275 чарчы метр жер аянтына келишим негизинде муниципалдик менчик түрүндөгү тигүү цехин уюштуруу иштери, айыл өкмөтүнүн 2023-жылкы стратегиялык планына киргизилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча жана “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соола, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясыяларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |