ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы
2023-жылдын 5-июну № 21
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-июнундагы № 191 сандуу катынын негизинде, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Махмудов Хусанжура Комиловичке тиешелүү 1200.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 42.77 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-июнундагы № 191 сандуу катында, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Махмудов Хусанжура Комиловичтин жеке менчигиндеги 42.77 чарчы метр жер аянттын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-июнундагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 3-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткары сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Махмудов Хусанжура Комиловичке тиешелүү 1200.0 чарчы метр турак-жай багытындагы жер тилкесинин ичинен 42.77 чарчы метр жер аянттын “Тиш дарылоочу” бөлмөсү багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |