ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз 17-сессиясы
2023-жылдын 5-июну № 22
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга Республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 02-июнундагы “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2 бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүнө 2 000 000 (эки миллион) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Махмудовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |