БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик айылдык кеңешинин 33 отуруму
28 созыв
2023-жылдын 6-апрели № 22-п
Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү
Тентешева Зинаида Зайнудиновнын ишеним каты боюнча Абдраев Азат Азизович мырзанын өнөр жай объектилерин жайгаштыруу үчүн убактылуу пайдалануудагы жер участогун айыл чарба багытындагы (жайыт) категориядан жер, өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байтик айылында жайгашкан №526 контурларундагы жалпы аянты 0,15 га. жер участогун айыл чарба багытындагы (жайыт) категориядан, “өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуп өнөр жай объектилерин орнотууга макулдук берүү.
2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы (жайыт), айдоо жерлеринин категориясынан жер, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы категорияга которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрөайым |
| Д.Б. Шаршембаева |