Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы (V чакырылыш)

2022-жылдын 10-февралы № 28

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 2-жана 5-пункттарынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү 2021-жылдын 28-декабрындагы №845 жана 2022-жылдын 4-январындагы №1 токтомдорунун, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 38- жана 40-пункттарынын негизинде, ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1.1. Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча

туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Абдибаева Дамира Рысбековна чыгарылып, бул комиссиянын курамына ушул эле фракциянын мүчөсү Баетов Болотбек Талайбекович киргизилсин;

1.2. Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Баетов Болотбек Талайбекович чыгарылып, бул комиссиянын курамына ушул эле фракциянын мүчөсү Абдибаева Дамира Рысбековна киргизилсин;

1.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Сулайманов Эльдар Нурланович чыгарылып, анын ордуна депутаттык мандат алган, ушул эле фракциянын мүчөсү Иминджанов Алмазбек Шокирович аталган комиссиянын курамына киргизилсин;

1.4. Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Биздин Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Каналиев Улан Касымович чыгарылсын.

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Назылбеков