Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XX сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 10-февралы № 33
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыковдун ысымын Ош шаарындагы “Кыргызстан” кинотеатрына ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарынын 27,34,39 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыковдун ысымын Ош шаарындагы “Кыргызстан” кинотеатрына ыйгаруу жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 18-январындагы №08-6/61 катын, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана өзгөртүү жөнүндөгү атуулдардын жана эмгек жамааттарынын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2022-жылдын 14-январындагы №1 протоколун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 1-февралындагы №2 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт, жана жаштар саясаты Министрлигине Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыковдун ысымын Ош шаарындагы “Кыргызстан” кинотеатрына ыйгаруу маселеси сунушталсын.
2. Ош шаарынын маданият башкармалыгына (Э.Кадыркулов) кинотеатрдын алдында куурчак өнөрчүлүгү, сатира жана куудулдар мектебин ачуу жагы сунушталсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Шахназар) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |