Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-февралы № 4
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сүлүктү жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 23.01.2024-ж. № 1 - Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 22.01.2024-ж. № 1, № 2, № 3; 29.01.2024-ж. № 4 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин жана Сузак айылдык кеңештери боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сүлүктү жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Сүлүктү жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 4 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
1 | Сүлүктү шаардык | Ибрагимов Асатбек Арзыбаевич (1) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Сүлүктү АШК, № 1, 23.01.2024-ж. (18.01.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
2 | Ленин айылдык (№ 1 Ленин шайлоо округу) | Иманкулова Асель Сапаровна | Сузак АШК, № 1, 22.01.2024-ж. (18.01.2024-ж. өз арызы) |
3 | Сузак айылдык (№ 1 С.Акбаров шайлоо округу) | Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович | Сузак АШК, № 3, 22.01.2024-ж. (22.01.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 4 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
1 | Сүлүктү шаардык | Кутбидинов Мырзаулук Абдухалилович (17) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | Сүлүктү АШК, № 1, 23.01.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
2 | Ленин айылдык (№ 1 Ленин шайлоо округу) | Амиракулова Гулайша Базарбаевна | Жалал-Абад областтык төрөт үйү, дарыгер | Сузак АШК, № 2, 22.01.2024-ж. |
3 | Сузак айылдык (№ 1 С.Акбаров шайлоо округу) | Камбаров Баходиржон Усманалиевич | Жеке ишкер | Сузак АШК, № 4, 29.01.2024-ж. |