АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык Кенешинин IV - чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы
2024-жылдын 22-январы № 69
Айдаркен шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Айдаркен шаардык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгѳн иш планы менен таанышып жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши 30-сессиянын протоколунун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Айдаркен шаардык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгѳн иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
- Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жагы областтык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага: А.К.Кожомбердиев
Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын 30-сессиясынын №69 Токтомуна №1 тиркеме (1 баракта)
Айдаркен шаардык кеңешинин 2024-жылга карата
Иш планЫ
№ к/н | Иш-чара | Аткаруу мөөнөтү | Аракеттер | Жооптуулар |
1 | Шаардык кеңештин 2024-жылга иш планын бекитүү | 1-квартал | Иштеп чыгуу | Шаардык кеңеш |
2 | Шаардык кеңештин алдында тузүлгөн туруктуу комиссиялардын иш планын түзүү жана бекитүү | 1-квартал | Иштеп чыгуу | Шаардык кеңеш |
3 | Шаардын 2024-жылга бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү | 1-квартал | Талкуу, чечим кабыл алуу | Шаардык кеңеш |
4 | Шаар мэринин 2023-жылдын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык абалы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылуусу боюнча отчётун угуу | 1-квартал | Талкуу, чечим кабыл алуу | Шаардык кеңеш |
5 | Шаар тургундары менен жыйындарды өткөрүү, алардын маселелерин угуп, чечүүгө аракет көрүү | Жыл ичинде | Иш алып баруу | Шаардык кеңеш |
6 | Шаардын тазалыгын камсыз кылууда, шаарды көрктөндүрүүдө жана жашылдандырууда шаардык мэриянын жүргүзгөн иштерин көзөмөлдөө | 2-3-кварталдар | Көзөмөлгө алуу | Шаардык кеңеш |
7 | Шаар мэринин 2024-жылдын баштапкы 6 айынын жыйынтыгы менен шаардын социалдык-экономикалык абалы жана аткарган иштери боюнча отчётун угуу | 3-квартал | Талкуу, чечим кабыл алуу | Шаардык кеңеш |
8 | 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун алдын-ала карап чыгуу жана макулдашуу | 3-4-кварталдар | Талкуу, чечим кабыл алуу | Шаардык кеңеш |
9 | Шаардык кеңештин депутаттарынын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн семинар, тренингтерге катышуу | Жыл ичинде | Иш алып баруу | Шаардык кеңеш |
10 | Коомдук тартипти сактоонун абалын жакшыртуу үчүн мэрия менен биргеликте аракеттерди көрүү | Жыл ичинде | Иш алып баруу | Шаардык кеңеш, шаардык мэрия |
11 | Шаардын бюджетине кошумча киреше булактарын изилдеп, карап чыгуу менен шаардык мэрияга сунуш берүү | Жыл ичинде | Иш алып баруу | Шаардык кеңеш |
12 | Шаарда өткөрүлө турган маданий массалык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышуу | Жыл ичинде | Катышуу | Шаардык кеңеш |
13 | Шаар аймагындагы мекеме ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып жана аларга көмөк көрсөтүү | Жыл ичинде | Иш алып баруу | Шаардык кеңеш |
Жооптуу катчы: А.Досболова