Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 2-февралы № 31
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, №4-9) төмөнкүдөй өзгөр-түүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгүнүн 18-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 49-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пункту төмөнкүдөй маз-мундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) төмөнкү салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар:
- патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде иш жүргүзүүчү, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6, 8 жана 13-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн;
- электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча маалыматтык системаларда катталган.";
3) 53-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Кыргыз Республикасынын аймагы берүү жери деп таанылган жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү чет өлкөлүк уюмдан же чет өлкөлүк жеке ишкерден сатып алууда Жогорку технологиялар паркынын резиденти, ошондой эле аба жана темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана жол жүгүн эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган КНСке карата салык агентинин милдеттерин аткаруудан бошотулат.";
4) 60-берененин 1-бөлүгүнүн 24-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) төмөнкү салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар: патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде иш жүргүзүүчү, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6, 8 жана 13-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн;
- электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз боюнча маалыматтык системаларда катталган;";
5) 64-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же салык төлөөчүнүн аты-жөнү, ИСН) жөнүндө, салык режиминде жана салык ставкасында колдонулуучу, салык органында каттоонун фактысы жана статусу жөнүндө;";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Министрлер Кабинети тарабынан маалыматтар менен алмашуу жөнүндө жоболорду караштырган бир же бир нече мамлекеттер менен түзүлгөн макулдашууларга ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына;";
6) 106-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 3-пунктта "2023" деген цифралар "2024" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-пунктта "2025" деген цифралар "2026" деген цифра-ларга алмаштырылсын.
7) 108-берененин 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) салык төлөөчүнү эсептик каттоо - Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине обочолонгон бөлүмдү, салык салуу объектисин, салык төлөөчүнүн ишин патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде жүзөгө ашырган жерин эсепке алуу боюнча маалыматтарды киргизүү.";
8) 114-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунун "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 4-бөлүктүн 1-пунктунун "в" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 115-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 139-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 8 жана 9-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.
11) 140-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 145-берененин 3-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац "транспорт каражаттарын каттоодо" деген сөздөрдөн кийин ", ушул бөлүктө каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодо жана банкрот деп таанылган (жарыяланган) субъекттердин транспорт каражаттарын каттоодо жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алуу талап кылынбайт.";
13) 174-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 241-пункт менен толукталсын:
"241) эл аралык ташуу - Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттин аймагына же башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына жүргүзүлүүчү ташуу;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 361-пункт менен толукталсын:
"361) баштапкы кайра иштетүүнүн продукциясы – анын сапатын сактоо жана узак сактоону камсыз кылуу үчүн кайра иштетүүнүн технологиялык операцияларынан өткөн, продукцияны кийинки (өнөр жайлык) кайра иштетүүдө чийки зат түрүндө пайдаланылуучу же керектөөчүлөргө өнөр жайлык кайра кийин иштетүүсүз сатылуучу ата мекендик өндүрүштүн айыл чарба продукциясы;";
в) 40-пункт "айыл чарба продукцияларын жана" деген сөздөрдөн кийин "өзүнүн" деген сөз менен толукталсын;
г) 41-пункттун биринчи абзацында "бул продукцияны" деген сөздөр "айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген продуктуларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 411-пункт менен толукталсын:
"411) айыл чарба даярдоочусу - ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын жана/же соода-логистикалык борборунун дарегине, анын ичинде иштетип алма схемасы боюнча чогултууну жана/же ташууну жана/же баштапкы кайра иштетүүнү, жана/же сатууну/берүүнү жүзөгө ашыруучу субъект;";
14) 178-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эсеп-фактура товарларды сатууда, кызматтарды көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда салык төлөөчү тарабынан жол-жоболоштурулуучу салыктык документ болуп саналат, анда милдеттүү реквизиттерден тышкары, сатып алуучу же тапшырыкчы тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон суммалар чагылдырылат:
1) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражат;
2) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр-дү сатууга байланыштуу келип чыгуучу кыйыр салыктар.
Агенттик келишим боюнча агенттин эсеп-фактурасында милдеттүү реквизиттерден тышкары, төмөнкү суммалар чагылдырылат:
1) агенттик сый акы;
2) агенттин агенттик сый акысынын суммасынан агентте пайда болуучу кыйыр салыктар;
3) агент тарабынан топтолгон жана принципалга өткөрүлүп берүүгө тийиш болгон жана/же агенттик келишимдин шарттарына жараша принципал тарабынан орду толтуру-лууга тийиш болгон агенттин чыгымдарынын суммалары.
Агенттин эсеп-фактурасынын милдеттүү реквизиттерине принципалдын аталышы, ИСНи, юридикалык дареги жана катталган жери киргизилет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Салык төлөөчү электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна айрым учурларда мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу төмөнкү документтерди жол-жоболоштурат:
1) субъекттин аталышын, анын ИСНин, төлөмдү алган адамдын паспорттук маалыматтарын, сатып алынган продукциянын санын жана наркын көрсөтүү менен, мындай статуста катталган айыл чарба өндүрүүчүсүнөн же айыл чарба кооперативинен сатып алынган айыл чарба продукциясы үчүн төлөгөндүгүн ырастоочу сатып алуучунун чыгыш кассалык ордери же төлөм тапшырмасы;
2) субъекттин аталышын, анын ИСНин, продукцияны берген адамдын паспорттук маалыматтарын жана берилүүчү айыл чарба продукциясынын санын көрсөтүү менен, мындай статуста эсептик каттоодон өткөн айыл чарба өндүрүүчүсү/айыл чарба кооперативи тарабынан, ошондой эле айыл чарба продукциясын даярдоочу тарабынан мындай продукция иштетип алма чийки зат катары айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъектке берилүүчү айыл чарба продукциясына коштомо кагаз. Иштетип алма чийки заттан өндүрүлгөн даяр продукция ушундай эле тартипте берилет;
3) банктын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча банктын эсебинен көчүрмө, исламдык каржылоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошуп алганда, банк тарабынан көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу банктын квитанциям же төлөм тапшырмасы, ошондой эле ушул Кодекстин 221-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чыгарып салууга тийиш болгон пайыздык чыгашаларды ырастаган банктын эсебинен көчүрмө;
4) Улуттук банктын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча Улуттук банктын эсебинен көчүрмө же товарлар жана Улуттук банк берген, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөнгөндүгүн ырас-тоочу башка документтер;
5) жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүүдө ташууларды, анын ичинде эл аралык ташууларды тариздөөнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы менен түзүлгөн, ташуунун наркы көрсөтүлгөн электрондук документтин кагаздан басылып чыгарылган түрүндөгү, ташууну ырастоочу электрондук документтин каттамы/квитанциясы, ошондой эле электрондук документте көрсөтүлгөн каттам боюнча ташууну ырастоочу отургузуу талону, багаж үчүн - багаж квитанциясы, жүк үчүн - коштомо кагаз;
6) кыймылдуу/кыймылсыз мүлк үчүн төлөмдү ырастоочу сатып алуу-сатуу келишими, чыгыш кассалык ордери же сатып алуучунун төлөм тапшырмасы, анын ичинде төлөмдү алган жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, ИСНин, паспорттогу маалыматтарын, сатып алынган активдин санын жана наркын көрсөтүү менен жеке жактан сатып алынган мүлктүк/мүлктүк эмес укуктар;
7) базалык станцияны жайгаштырууга жер участогун ижаралоо келишими, ижара акысын төлөгөндүгүн ырастоочу байланыш операторунун төлөм тапшырмасы/кассалык чыгыш ордери, анын ичинде акы алган жеке жактын аты-жөнүн, ИСНин, паспорттук маалыматтарын, келишимдин предметинин санын жана наркын көрсөтүү менен жеке жактан сатып алынган, базалык станцияны тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр;
8) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда башка документтер.";
15) 191-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толук-талсын:
"5) персоналдык ассистенттин жана/же туруктуу кароого жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө.";
3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер участогун жана/ же мүлктү сатып алууда алынуучу компенсациялык төлөмдөрдүн суммалары.";
в) 6-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде сатылуучу мүлк салык төлөөчү тарабынан бе-лекке берүү келишими боюнча жакын тууганынан алынган болсо, анда белгиленген бир жылдык мөөнөт белекке берүүчүнүн менчик укугу катталган күндөн тартып эсептелет.";
16) 213-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14) мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер участогун жана/же мүлктү сатып алууда алынуучу компенсациялык төлөмдөрдүн суммалары.";
17) 236-берененин 1-бөлүгүнүн 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20) ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактуранын ордуна мындай эсеп-фактураны алмаштыруучу документти жол-жоболоштурган айрым учурларды кошпогондо, электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны жол-жоболоштурбастан Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.";
18) 258-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Уюм жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда, жоюу же реструктуризациялоо жолу менен банкрот болгондо, салык режимине ылайык салыктарды төлөө мезгилинин ичинде сатып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктары алардын эсептик наркы боюнча сатылды деп таанылат.
Салык төлөөчү жалпы салык режиминен атайын салык режимине өткөндө, мурда чегерүүгө КНС кабыл алынган салыктарды төлөө мезгилинде сатып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин калдыктары алардын эсептик наркы боюнча сатылды деп таанылат.".
19) 266-берененин 4-бөлүгү "айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн" деген сөздөрдөн кийин ", айыл чарба даярдоочуларынан" деген сөздөр менен толукталсын;
20) 268-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча дары каражаттарын жана вакциналарды, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналарды жана дары каражаттарын, медициналык буюмдарды, ошондой эле дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдарды берүү КНСтан бошотулган берүү болуп саналат.";
21) 287-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "билим берүү," деген сөздөрдөн кийин "экология," деген сөз менен толукталсын;
22) 296-беренеде:
а) 6 жана 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) ККМдин реестрине киргизилген ККМди жана оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн аларга комплекттөөчү бөлүктөрдү жана/же тетиктерди берүү жана тейлөө;
7) ККМдин реестрине киргизилген программалык ККМди орнотуу функциясы бар операциялык системалуу POS-терминалдарды жана оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн аларга комплекттөөчү бөлүктөрдү жана/же тетиктерди берүү;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) ушул берененин 9-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук түзүлүштөргө аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү бөлүктөрдү жана/же тетиктерди берүү.";
23) 297-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) дары каражаттары, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары каражаттары, медициналык буюмдар, ошондой эле дары каражаттарын, жаныбарлар үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдар;";
б) 24 жана 241-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24) ККМ реестрине киргизилген ККМ жана аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн алардын комплекттөөчү бөлүктөрү жана/же тетиктери;
241) ККМдин реестрине киргизилген программалык ККМди орнотуу функциясы менен операциялык системалуу POS-терминалдар жана алардын оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү бөлүктөрү жана/же тетиктер;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 243-пункт менен толукталсын:
"243) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 242-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук түзүлүштөргө аларды оңдоо жана/же өндүрүү же чогултуу үчүн комплекттөөчү бөлүктөр жана/ же тетиктер;";
24) 304-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, 25-пункттун “25) 316-берененин 2-бөлүгүндө:” кагаз түрүндө мамлекеттик тилде жок.
а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) импорттолуучу материалдык ресурстардын фактуралык наркына транспорттук чыгымдарды, камсыздандырууну, акциз салыгын, бажы төлөмдөрүн эске алуу менен кошуп эсептелүүчү КНСтин суммасынан бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу наркка кошуп эсептелген КНСтин ашыкча суммасына.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) акциз салыгын эске алуу менен импорттолуучу материалдык ресурстардын фактуралык наркына кошуп эсептелүүчү КНСтин суммасынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу наркка кошуп эсептелген КНСтин ашыкча суммасына.
Эгер ушул Кодексте башкача каралбаса, фактуралык нарк - эсеп-фактурасында же инвойсто көрсөтүлгөн товардын наркы.";
26) 327-берененин 5-бөлүгүндө:
а) 3, 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 7 жана 8-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына экспорттук жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашырган учурда салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып кирүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу салык органдарынан алынган кыйыр салыктын төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматтын жоктугу, жана/же алардын КНС салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугу менен дал келбестиги;
8) КНС боюнча салык төлөөчүнүн көрсөткүчтөрүнүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүнүн КНС боюнча салык отчеттуулугунун маалыматтарын жана/же электрондук эсеп-фактуранын маалыматтык системасынын маалыматтарын талдоонун натыйжалары боюнча табылган көрсөткүчтөрүнө дал келбестиги;";
27) 328-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. КНС төлөөчү төмөнкү шарттарды бир эле учурда сактаганда КНСтин ашыкча суммасын кайтарып берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибине укуктуу:
1) КНС төлөөчү нөлдүк ставка менен берүүлөрдү жүзөгө ашырса жана бул берүүлөрдүн жалпы наркы катары менен келген 6 айга барабар болгон мезгил үчүн салык салынуучу берүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмесин түзсө;
2) акыркы 12 календардык ай үчүн нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу КНС төлөөчүнүн берүүлөрүнүн наркы 40 миллион сомдон кем эмес болсо;
3) КНС салык төлөөчүнүн өздүк негизги каражаттарынын наркы 15 миллион сомдон кем эмес болсо.";
б) 2-бөлүктө "же КНС ашкан суммасынын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү" деген сөздөр "же ушул беренеге ылайык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте КНСти кайтарып берүүдөн жана/же ордун толтуруудан баш тартуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Аларга карата КНСтин ашыкча суммасы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кайтарылган КНСтин салык төлөөчүлөрү үчүн КНСтин ашыкча суммасын түзүүнүн жана өлчөмүнүн негиздүүлүгү салык кызматынын органдары тарабынан салыктык көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө ушул Кодекстин 117-беренесине ылайык ырасталат.";
28) 329-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Салык органы тарабынан" деген сөздөр "Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, салык органы тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 8-бөлүктө "кайтарып берүүнүн тартиби" деген сөздөрдөн кийин ", товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги" деген сөздөр менен толукталсын;
29) 336-берененин 1-бөлүгүндө:
а) кырк экинчи - кырк сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй ре-дакцияда баяндалсын:
“
Ысытылган тамекиси бар цилиндрдик формадагы буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы (стик), тамеки менен ысытылуучу капсула): | 2404 | тамеки аралашмасынын килограммы |
|
2023-жылдын 1-майынан |
|
| 3700 сом |
2023- жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2024- жылдын 1-январынан 2024-жылдын 30-апрелин кошуп алганда |
|
|
4100 сом |
2024-жылдын 1-майынан 2024- жылдын 31-декабрын кошуп алганда | 2404 | 1000 даана | 2500 сом |
2025- жылдын 1-январынан 2025- жылдын 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 2750 сом |
2026- жылдын 1-январынан 2026- жылдын 31-декабрын кошуп алганда |
|
| 3000 сом |
2027- жылдын 1-январынан тартып |
|
| 3250 сом |
б) алтымыш сегизинчи абзацта:
- "Акциздик товарлар" графасында "ТЭИ ТН 2710 19 290 товардык позициясында классификациялангандарды кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын;
- "ТЭИ ТН коду" графасы "271019290" деген цифралар менен толукталсын;
в) "Акциздик товарлар" графасында жетимиш биринчи абзацта "ТЭИ ТН 2710 19 290 товардык позицияда классификациялануучу орто дистилляттар" деген сөздөр алып салынсын;
г) "ТЭИ ТН коду" графасынын жетимиш үчүнчү абзацы "3403199000" деген цифралар менен толукталсын;
30) 345-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тизмеги ушул Кодекстин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды, ошондой эле жүзүм ширесин (ТЭИ ТН 220430 коду), битумдуу материалдардан алынган чийки мунайды жана чийки мунай заттарын (ТЭИ ТН 2709 00 900 1-2709 00 900 9 коду) жана суюлтулган көмүртек газын (ТЭИ ТН 2711 11 0000- 2711 19 0000 коду) кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу акциздик товарлар маркаланууга тийиш.";
31) 362-берененин 2-бөлүгү "субъектиси тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде отчеттук кварталдын ичинде катталган салык төлөөчүлөр үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
32) 364-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
"9) кайрымдуулук уюмдары;
10) ушул Кодекстин 295-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана шарттарда социалдык маанидеги объект жөнүндө келишим боюнча.";
33) 365-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) эл аралык ташуулар.";
34) 368-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пункту "6" деген цифра-дан кийин ", 8" деген цифра менен толукталсын;
35) 371-беренеде:
а) 2-бөлүк "чакан ишкердиктин субъекти тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде жаңы түзүлгөн салык төлөөчүлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүк "башкача каралбаса" деген сөздөрдөн кийин "сатуудан алынуучу салыктан бошотулган салык төлөөчүнү кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулган субъектти кошпогондо, чакан же орто ишкердик субъекти тарабынан салык отчеттуулугу эсептик каттоо орду боюнча квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен, анын ичинде кайрадан түзүлгөн салык төлөөчүлөр үчүн берилет.";
36) 387-берененин "Облустардын жана райондордун аталышы" графасында "Кара-Буура" деген сөздөр "Айтматов" деген сөзгө алмаштырылсын;
37) 389-берененин 1-бөлүгүндө:
а) "Объекттин функциялык багыты" графасында:
- экинчи абзацта "мейманканалар," деген сөз алып салынсын; "ломбарддар" деген сөз "Ломбарддар" деген сөзгө алмаштырылсын;
- он экинчи абзацта "эс алуу үйлөрү" деген сөздөрдөн кийин ", мейманканалар" деген сөз менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“
Оюн-зоок жайлары | 2,2 |
| “; |
38) 401-берененин 2-бөлүгүндө "Облустардын жана райондордун аталышы" графасында "Кара-Буура" деген сөздөр "Айтматов" деген сөзгө алмаштырылсын;
39) 416-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда "1-январынан" деген сөздөр "1-июлунан" деген сөздөргө алмаштырылсын.";
40) 418-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Кайра сатуу же кайра иштетүү үчүн электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны же ушул Кодекске ылайык аны алмаштыруучу документ алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатып алууга.";
41) 419-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу жана чекене сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу коомдук тамактануу субъектин кошпогондо, акциздик салыктын салык төлөөчүсүнө;";
б) 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
42) 422-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
1) ушул Кодекстин 324-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу иш боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактурада көрсөтүлгөн товардын наркы саналат;
2) ушул Кодекстин 324-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу иш боюнча товарларды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө анын бажы наркы саналат;";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Кодекстин 212-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн кирешени кошпогондо, ушул Кодекстин VIII бөлүмүнө ылайык салык салынуучу башка иштен алынган кирешелер да бирдиктүү салыкты эсептөө үчүн салык базасына киргизилүүгө тийиш.";
43) 423-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду жана күйүүчү-майлоочу материалдарды, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып өткөрүүчү субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн каражаттын көлөмү төмөнкүдөй болгон субъект тарабынан:
- 30000000 сомго чейин - 0,5 пайыз;
- 30000000 сомдон 50000000 сомго чейин - 1 пайыз;
Ушул пункт ошондой эле ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддорундагы майлоочу майларды жана башка майларды сатууну кошпогондо, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууга жайылтылбайт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21) Айыл чарбасындагы даярдоочулар бул ишке карата 0,5 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
Айыл чарбасындагы сүт даярдоочулар бул ишке карата 0,25 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.";
в) 8-бөлүктүн 1-пунктунда "8 000 000" деген цифралар "15 000 000" деген цифраларга алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 14-бөлүк менен толукталсын:
"14. Турак жана турак эмес имараттарды куруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, атайын курулуш иштерин аткаруучу субъект бул ишке карата 6 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.";
44) 424-берененин 1-пункту "бир квартал" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде жаңыдан түзүлгөн салык төлөөчүлөр үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
45) 427-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"427-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул главада каралган салык режими төмөнкүлөрдү өндүрүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ишканалардан сырткары, майнинг, акциздик товарларды өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү субъекттерден тышкары төмөнкүлөрдү өндүрүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъектилерди кошпогондо, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар (мындан ары - ЭЭЗ) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишти жүзөгө ашыруучу эркин экономикалык зоналардын субъекттеринин ишине карата гана колдонулат:
- 2000-жылга чейин катталган ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2402 коду менен классификациялануучу тамеки продукцияларын;
- ЭЭЗ субъекттери катары катталган датасына карабастан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы менен ЭЭЗ субъекттери катары катталган субъекттер деп ырасталуучу жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын ЭЭЗ аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптарга ылайык келген ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2404 жана 8543 40 000 0 код менен классификациялануучу никотин камтылган продукцияны, бир кутуда никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолу колдонулуучу электрондук тутумдарын, электрондук сигареттерди жана ушуга окшогон жекече электрдик буулануучу түзүлүштөрдү (никотин жеткирүүнүн электрондук тутумдары), ТЭИ ТН 2202 кодундагы, курамында кант кошумалары же башка таттуу даам берүүчү, же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды.
2. ЭЭЗ субъекттеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын калган аймактарында жалпы салык режими колдонулат.
3. Акциздик продукцияны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттерине салыктык контроль ЭЭЗ субъекти катталган ЭЭЗ башкы дирекциясына кабарлабастан жүзөгө ашырылат.";
46) 457-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык акциздик товарларды сатып өткөрүүнү (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 товардык позицияларында классификацияланган товарлардан тышкары), ошондой эле сатып өткөрүүгө атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарларды сатып өткөрүүнү кошпогондо, соода ишине карата колдонулат.";
б) 3-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) өзгөчө режимдеги соода зонасында товарларды сатып өткөрүүгө карата жалпы салык режимин жана башка атайын салык режимдерин колдонууга, өздүк өндүрүштөгү товарларды сатып өткөрүүдө бирдиктүү салыктын негизинде салык төлөөчү тигүү жана/же текстиль өндүрүшүнүн субъектисин кошпогондо;
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 46-пунктундагы кагаз түрүндө “б”, тыныш белгиси “ ” ” жок.
47) 458-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
48) 459-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде салык төлөөчүдө эки же андан көп соода орундары болсо, анда өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык төлөөчүнүн арызында түшкөн каражаттын көлөмү ар бир соода орду боюнча өзүнчө көрсөтүлөт.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн каражаттын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, салык төлөөчү календардык жылдын калган айларына түшкөн каражаттын көлөмүн көрсөтүү менен арыз берүүгө милдеттүү.
Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча салык органына учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландаштырылган түшкөн каражаттын билдирилген көлөмүнөн ашып кеткендиги жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз убагында бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып 3-коэффициентти колдонуу менен ушул Кодекстин 462-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелген салыктын суммасынын салык төлөөчүсү катары таанылат.";
49) 461-беренеде:
а) "бир соода түйүнүнө" деген сөздөр "бир соода ордуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) 4000000 сомго чейин соода лотоктордо, прилавкаларда, чатырларда, кол арабаларда, бастырмаларда, соода аянты 4 кв.м. ашпаган металл жана башка конструкциялардан жасалган курулмаларда - 18000 сом;";
50) 462-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"462-берене. Салыктын суммасын аныктоо тартиби
1. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын суммасы ушул Кодекстин 461-беренесинде белгиленген салыктын ставкасын колдонуу менен аныкталат.
2. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишкердикке салык төлөөчү катары кайрадан катталган салык төлөөчү үчүн салыктын суммасы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
СС = С / 12 х А,
мында:
СС - салыктын суммасы;
С - салыктын ставкасы;
А - арызда көрсөтүлгөн календардык жылда катары менен келген айлардын саны.
3. Учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландаштырылган түшкөн каражаттын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, календардык жылдын катары менен калган айла-рына салыктын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча, түшкөн каражаттын мурда билдирилген көлөмүнөн ашкан түшкөн каражаттын көлөмү үчүн белгиленген салыктын ставкасын колдонуу менен аныкталат.
4. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык төлөөчү катары режимден чыкканда, салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зонасы жайгашкан жер боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү жана арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып эсептелген салык милдеттенмесинин калган суммасы аткарылууга тийиш эмес.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана ушул Мыйзамдын 2023-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 14, 17 жана 40-пункттарын кошпогондо, 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-февралындагы № 10 (3563) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 28-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |