Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-январы № 1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Баткен шаардык, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 26.12.2023-ж. № 33, № 34; 11.01.2024-ж. № 1, № 2, 25.01.2024-ж. № 3, № 4 - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык жана Талды-Булак айылдык кеңештери боюнча;
- Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 12.01.2024-ж. № 1, № 2 - Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаардык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 11.01.2024-ж. № 1, № 2, № 3 - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Люксембург жана Ивановка айылдык кеңештери боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 28.12.2023-ж. № 9 - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 25.12.2023-ж. № 9, № 10 - Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө жана Семиз-Бел айылдык кеңештери боюнча;
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 09.01.2024-ж. № 1 - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылдык кеңеши боюнча;
- Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 13.01.2024-ж. № 1, № 2 - Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 08.01.2024-ж. № 1, № 2; 25.01.2024-ж. № 3, № 4 - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов жана Өрүктүү айылдык кеңештери боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. № 1, № 2 - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. № 1 - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 25.12.2023-ж. № 6, № 7, № 8; 22.01.2024-ж. № 1, № 2, № 3 - Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент, Тогуз-Булак жана Кулунду айылдык кеңештери боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. № 1 - Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 23.01.2024-ж. № 1, № 2 - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;
- Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 08.01.2024-ж. № 1 - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон жана Даркан айылдык кеңештери боюнча;
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 10.01.2024-ж. № 1 - Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңеши боюнча.
Ошондой эле депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 26.12.2023-ж. № 33 - Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 28.12.2023-ж. № 9 - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык кеңеши боюнча;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 25.12.2023-ж. № 10 - Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылдык кеңеши боюнча;
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 09.01.2024-ж. № 1 - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылдык кеңеши боюнча;
- Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын 25.01.2024-ж. № 4 - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктүү айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. № 1 - Баткен облусунун Баткен шаардык кеңеши боюнча;
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 25.12.2023-ж. № 6; 22.01.2024-ж. № 3 - Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент жана Тогуз-Булак айылдык кеңештери боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 16.01.2024-ж. № 1 - Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айылдык кеңеши боюнча;
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 10.01.2024-ж. № 1 - Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңеши боюнча.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыл, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Ала-Бука, Баткен шаардык, Лейлек, Баткен жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Баткен шаардык, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Жайыл, Кемин, Ысык-Ата, Ат-Башы, Кочкор, Ак-Талаа, Жумгал, Ала-Бука, Токтогул, Баткен шаардык, Лейлек, Баткен, Каракол, Жети-Өгүз жана Араван аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы № 1 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
1 | Кара-Балта шаардык | Кадыркулов Адлет Адылбекович (4) "Альянс" депутаттык фракциясы | Жайыл АШК, № 33, 26.12.2023-ж. (Соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине ылайык. Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун 20.06.2023-ж. Өкүмү УД-146/23ч2) |
2 | Сарсембаев Галым Арипжанович (3) "Ишеним" депутаттык фракциясы | Жайыл АШК, № 1, 11.01.2024-ж. (25.12.2023-ж. өз арызы) | |
3 | Талды-Булак айылдык (№ 1 Боксо-Жол шайлоо округу) | Касымбекова Гулаида Басаркуловна | Жайыл АШК, № 3, 25.01.2024-ж. (19.01.2024-ж. өз арызы) |
Кемин району | |||
4 | Кемин шаардык | Алымбеков Манай Алымбекович (1) "Адилет" депутаттык фракциясы | Кемин АШК, № 1, 12.01.2024-ж. (08.01.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Ата району | |||
5 | Ак-Кудук айылдык (№ 3 шайлоо округу) | Джурабаев Рахим Полатбаевич | Ысык-Ата АШК, № 1, 11.01.2024-ж. (29.12.2023-ж. өз арызы) |
6 | Люксембург айылдык (№ 3 шайлоо округу) | Джалазов Салим Харбиевич | Ысык-Ата АШК, № 2, 11.01.2024-ж. (27.12.2023-ж. өз арызы) |
7 | Ивановка айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Аширов Замирбек Усенович | Ысык-Ата АШК, № 3, 11.01.2024-ж. (08.01.2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
8 | Баш-Кайыңды айылдык (№ 2 Клуб шайлоо округу) | Рахатбек уулу Мирлан | Ат-Башы АШК, № 9, 28.12.2023-ж. (28.12.2023-ж. өз арызы) |
Кочкор району | |||
9 | Кош-Дөбө айылдык (№ 2 Кара-Саз шайлоо округу) | Буудайчиева Саламат Бейшенбековна | Кочкор АШК, № 9, 25.12.2023-ж. (21.12.2023-ж. өз арызы) |
10 | Семиз-Бел айылдык (№ 2 Кара-Тоо шайлоо округу) | Калиев Урмат Чекматович | Кочкор АШК, № 9, 25.12.2023-ж. (21.12.2023-ж. өз арызы) |
Ак-Талаа району | |||
11 | Ак-Чий айылдык (№ 1 Ак-Чий шайлоо округу) | Жалилов Уланбек Жалилович | Ак-Талаа АШК, № 1, 09.01.2024-ж. (08.01.2024-ж. өз арызы) |
Жумгал району | |||
12 | Түгөл-Сай айылдык (№ 1 Түгөл-Сай-Эпкин шайлоо округу) | Абдыракманов Асхат Осунбекович | Жумгал АШК, № 1, 13.01.2024-ж. (26.12.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Ала-Бука району | |||
13 | Т.Балтагулов айылдык (№ 4 Кош-Терек шайлоо округу) | Шабданов Искендер Калыбекович | Ала-Бука АШК, № 1, 08.01.2024-ж. (26.12.2023-ж. өз арызы) |
14 | Өрүктү айылдык (№ 2 Өрүктү-Сай шайлоо округу) | Бөрүбеков Замирбек Баймырзаевич | Ала-Бука АШК, № 3, 25.01.2024-ж. (15.01.2024-ж. өз арызы) |
Токтогул району | |||
15 | Токтогул шаардык | Нургазы уулу Кыязбек (5) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Токтогул АШК, № 1, 16.01.2024-ж. (11.01.2024-ж. өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Лейлек району | |||
16 | Бешкент айылдык (№ 1 Андархам шайлоо округу) | Баховидинов Ибодуллохон Туронхожаевич | Лейлек АШК, № 6, 25.12.2023-ж. (14.12.2023-ж. өз арызы) |
17 | Тогуз-Булак айылдык (№ 4 Ай-Көл шайлоо округу) | Усманова Айсалкын Омурбаевна | Лейлек АШК, № 7, 25.12.2023-ж. (20.12.2023-ж. өз арызы) |
18 | Тогуз-Булак айылдык (№ 3 Айбике шайлоо округу) | Маматкулов Шайырбек Пазылбекович | Лейлек АШК, № 8, 25.12.2023-ж. (21.12.2023-ж. өз арызы) |
19 | Кулунду айылдык (№ 4 Раззаков шайлоо округу) | Азимова Жамила Жоробаевна | Лейлек АШК, № 8, 25.12.2023-ж. (18.12.2023-ж. өз арызы) |
Баткен району | |||
20 | Суу-Башы айылдык (№ 1 Боз-Адыр шайлоо округу) | Гиязидинов Кылычбек Гиязидинович | Баткен АШК, № 1, 16.01.2023-ж. (25.12.2023-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
21 | Каракол шаардык | Омурбеков Акысбек Орозалиевич (1) "Ыйман-Нуру" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 1, 23.01.2024-ж. (15.01.2024-ж. өз арызы) |
22 | Исмаилов Кубанычбек Касымович (4) "Ыйман-Нуру" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 1, 23.01.2024-ж. (15.01.2024-ж. өз арызы) | |
Жети-Өгүз району | |||
23 | Барскоон айылдык (№ 3 Мектеп шайлоо округу) | Алыбаев Авазбек Догдурбекович | Жети-Өгүз АШК, № 1, 08.01.2024-ж. (26.12.2023-ж. өз арызы) |
24 | Даркан айылдык (№ 1 Саалиева шайлоо округу) | Борончиев Таалайбек Эсенбекович | Жети-Өгүз АШК, № 1, 08.01.2024-ж. (ЖААКтын 06-02 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 4-декабрындагы берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0251613 күбөлүгү) |
Ош облусу | |||
Араван району | |||
25 | Төө-Моюн айылдык (№ 5 Авиз-Сары-Таш шайлоо округу) | Абдисаматов Абдилады | Араван АШК, № 1, 10.01.2024-ж. (ЖААКтын 06-02 региондор аралык бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 8-августундагы берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0232754 күбөлүгү) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы № 1 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
1 | Кара-Балта шаардык | Дакаев Аслан Осмонович (5) "Альянс" саясий партиясы | Жайыл АШК, № 33, 26.12.2023-ж. (06.12.2023-ж. - өз арызы) |
2 | Кадыркулов Фарис Адылбекович (7) "Альянс" саясий партиясы | Жайыл АШК, № 33, 26.12.2023-ж. (06.12.2023-ж. - өз арызы) | |
3 | Айдарканов Нургазы Базарбекович (8) "Альянс" саясий партиясы | Жайыл АШК, № 33, 26.12.2023-ж. (04.12.2023-ж. - өз арызы) | |
4 | Асаналиев Канат Омурбекович (10) "Альянс" саясий партиясы | Жайыл АШК, № 33, 26.12.2023-ж. (13.12.2023-ж. - өз арызы) | |
5 | Тусупбеков Ержан Даулетбекович (11) "Альянс" саясий партиясы | Жайыл АШК, № 33, 26.12.2023-ж. (21.12.2023-ж. - өз арызы) | |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
6 | Баш-Кайыңды айылдык (№ 2 Клуб шайлоо округу) | Моңолдоров Жылдызбек Моңолдорович | Ат-Башы АШК, № 9, 28.12.2023-ж. (14.12.2023-ж. өз арызы) |
7 | Токтогонов Дастан | Ат-Башы АШК, № 9, 28.12.2023-ж. (15.12.2023-ж. өз арызы) | |
8 | Мускаев Нурлан Жумакович | Ат-Башы АШК, № 9, 28.12.2023-ж. (25.12.2023-ж. өз арызы) | |
Кочкор району | |||
9 | Семиз-Бел айылдык (№ 2 Кара-Тоо шайлоо округу) | Жээнбек уулу Таалайбек | Кочкор АШК, № 10, 25.12.2023-ж. (21.12.2023-ж. өз арызы) |
Ак-Талаа району | |||
10 | Ак-Чий айылдык (№ 1 Ак-Чий шайлоо округу) | Маамет уулу Камчыбек | Ак-Талаа АШК, № 1, 09.01.2024-ж. (08.01.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Ала-Бука району | |||
11 | Өрүктү айылдык (№ 2 Өрүктү-Сай шайлоо округу) | Ибраймалиев Болотбек Нарбекович | Ала-Бука АШК, № 4, 25.01.2024-ж. (17.01.2024-ж. өз арызы) |
12 | Назарматов Анарбек Шарабидинович | Ала-Бука АШК, № 4, 25.01.2024-ж. (17.01.2024-ж. өз арызы) | |
Баткен облусу | |||
Баткен шаары | |||
13 | Баткен шаардык | Исамидин уулу Махаматали (7) "Жаңы Доор" саясий партиясы | Баткен шаардык АШК, № 1, 16.01.2024-ж. (Соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине ылайык. КРнын Жогорку сотунун 2023-жылдын 14-ноябрындагы токтому всба-104-1029-23 уд.) |
Лейлек району | |||
14 | Бешкент айылдык (№ 1 Андархам шайлоо округу) | Насриддинов Камолиддин Низомиддинович | Лейлек АШК, № 6, 25.12.2023-ж. (15.12.2023-ж. өз арызы) |
15 | Мехмонова Дилфуза Исманова | Лейлек АШК, № 6, 25.12.2023-ж. (15.12.2023-ж. өз арызы) | |
16 | Тогуз-Булак айылдык (№ 3 Айбике шайлоо округу) | Коймуратов Шадиман Мусурманкулович | Лейлек АШК, № 3, 22.01.2024-ж. (12.01.2024-ж. өз арызы) |
Баткен району | |||
17 | Суу-Башы айылдык (№ 1 Боз-Адыр шайлоо округу) | Хамытали уулу Эламан | Баткен АШК, № 1, 16.01.2023-ж. (15.01.2024-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Араван району | |||
18 | Төө-Моюн айылдык (№ 5 Авиз-Сары-Таш шайлоо округу | Абдуллаев Баит Жармаматович | Араван АШК, № 1, 10.01.2024-ж. (10.01.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-январындагы № 1 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
1 | Кара-Балта шаардык | Кадыралиев Жангазы Мелисович (13) "Альянс" саясий партиясы | Жайыл райондук токой чарбасы, токойчу | Жайыл АШК, № 34, 26.12.2023-ж. |
2 | Сулайманов Азамат Бектенович (11) "Ишеним" саясий партиясы | Жеке ишкер | Жайыл АШК, № 2, 11.01.2024-ж. | |
3 | Талды-Булак айылдык (№ 1 Боксо-Жол шайлоо округу) | Джаманкулова Алтынай Джолдошбековна | "Кыялкеч" балдар бакчасы, башчы | Жайыл АШК, № 4, 25.01.2024-ж. |
Кемин району | ||||
4 | Кемин шаардык | Байтылешев Данияр Мыктыбекович (4) "Адилет" саясий партиясы | "Алтынкен" ЖЧКсы, электрик | Кемин АШК, № 2, 12.01.2024-ж. |
Ысык-Ата району | ||||
5 | Ак-Кудук айылдык (№ 3 шайлоо округу) | Джумаев Шухрат Кенжебаевич | Киров жалпы билим берүү орто мектеби, оператор | Ысык-Ата АШК, № 1, 11.01.2024-ж. |
6 | Люксембург айылдык (№ 3 шайлоо округу) | Буйлашев Эрмек Калмуратович | Убактылуу иштебейт | Ысык-Ата АШК, № 2, 11.01.2024-ж. |
7 | Ивановка айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Юсупов Идрис Хапарович | Жеке ишкер | Ысык-Ата АШК, № 3, 11.01.2024-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
8 | Баш-Кайыңды айылдык (№ 2 Клуб шайлоо округу) | Шопок уулу Илияс | Ч.Асеков атындагы орто мектеби, мугалим | Ат-Башы АШК, № 9, 28.12.2023-ж. |
Кочкор району | ||||
9 | Кош-Дөбө айылдык (№ 2 Кара-Саз шайлоо округу) | Матагулова Эдита Абасовна | С.Орозбаков атындагы орто мектеби, мугалим | Кочкор АШК, № 10, 25.12.2023-ж. |
10 | Семиз-Бел айылдык (№ 2 Кара-Тоо шайлоо округу) | Капесов Кумарбек Кубатович | Бишкек электр иш канасы, айдоочу | Кочкор АШК, № 10, 25.12.2023-ж. |
Ак-Талаа району | ||||
11 | Ак-Чий айылдык (№ 1 Ак-Чий шайлоо округу) | Касмалиева Назгүл Абдыкалыковна | М.Балбаков атындагы орто мектеби, мугалим | Ак-Талаа АШК, № 1, 09.01.2024-ж. |
Жумгал району | ||||
12 | Түгөл-Сай айылдык (№ 1 Түгөл-Сай-Эпкин шайлоо округу) | Джунушов Самат Замирович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Жумгал АШК, № 2, 13.01.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
13 | Т.Балтагулов айылдык (№ 4 Кош-Терек шайлоо округу) | Сатыбалдиев Жээналы Алишерович | Ала-Бука райондор аралык жалпы дарыгердик практика борборуна караштуу тез жардам бөлүмү, айдоочу | Ала-Бука АШК, № 2, 08.01.2024-ж. |
14 | Өрүктү айылдык (№ 2 Өрүктү-Сай шайлоо округу) | Таштаналиев Абдисамат Сатымкулович | Ала-Бука райондук чарбалык эсептеги автобекет, директор | Ала-Бука АШК, № 4, 25.01.2024-ж. |
Токтогул району | ||||
15 | Токтогул шаардык | Муратбек уулу Эрчитбек (10) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Токтогул АШК, № 2, 16.01.2024-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен шаары | ||||
16 | Баткен шаардык | Абдамитов Нурланбек Калмурзаевич (8) "Жаңы Доор" саясий партиясы | "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" МКК ААК, жетекчи | Баткен шаардык АШК, № 1, 16.01.2024-ж. |
Лейлек району | ||||
17 | Бешкент айылдык (№ 1 Андархам шайлоо округу) | Махадинова Дилфузахон Охунхужаевна | "Андархам-Нуру" мектепке чейинки билим берүү мекемеси. директор | Лейлек АШК, № 6, 25.12.2023-ж. |
18 | Тогуз-Булак айылдык (№ 4 Ай-Көл шайлоо округу) | Омурзаков Асылбек Эгембердиевич | Жеке ишкер | Лейлек АШК, № 7, 25.12.2023-ж. |
19 | Кулунду айылдык (№ 7 Кулунду-Борбордук шайлоо округу | Туратов Салимбек Эгембердиевич | Жеке ишкер | Лейлек АШК, № 1, 22.01.2024-ж. |
20 | Кулунду айылдык (№ 4 Раззаков шайлоо округу) | Балтабаева Асал Сайдалиевна | Жеке ишкер | Лейлек АШК, № 2, 22.01.2024-ж. |
21 | Тогуз-Булак айылдык (№ 3 Айбике шайлоо округу) | Азизбаев Жумабек Абдиллаевич | Жеке ишкер | Лейлек АШК, № 3, 22.01.2024-ж. |
Баткен району | ||||
22 | Суу-Башы айылдык (№ 1 Боз-Адыр шайлоо округу) | Нуралиев Батырбек Амиракулович | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 1, 16.01.2023-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
23 | Каракол шаардык | Абдубалиев Кубанычбек Сабырович (5) "Ыйман-Нуру" саясий партиясы | "Каракол" кепилдик фонду" коомдук фонду, жетекчи | Каракол АШК, № 2, 23.01.2024-ж. |
24 | Алимов Кудайназар (7) "Ыйман-Нуру" саясий партиясы | Жеке ишкер | Каракол АШК, № 2, 23.01.2024-ж. | |
Жети-Өгүз району | ||||
25 | Барскоон айылдык (№ 3 Мектеп шайлоо округу) | Саданбеков Ислан Үсөнбекович | Барскоон айылында дыйкан чарба мүчөсү | Жети-Өгүз АШК, № 1, 08.01.2024-ж. |
26 | Даркан айылдык (№ 1 Саалиева шайлоо округу) | Барыктабасов Таалайбек Эсенбекович | Даркан айылында дыйкан чарба мүчөсү | Жети-Өгүз АШК, № 1, 08.01.2024-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
27 | Төө-Моюн айылдык (№ 5 Авиз-Сары-Таш шайлоо округу | Кошонов Арманали Мамасалиевич | "Капитал Банк" ААК, адис | Араван АШК, № 1, 10.01.2024-ж. |