СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXXI сессиясы
2024-жылдын 2-февралы № 151
Сүлүктү шаарынын 2023-жылга карата үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун аткарылышы жөнүндө
Сүлүктү шаарынын 2023-жылга карата үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун аткарылышы жөнүндө шаардык мэриянын маалыматын жана шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 - беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сүлүктү шаарынын 2023-жылга карата үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун аткарылышы жөнүндө шаардык мэриянын маалыматы кабыл алынсын;
- Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш. Абдыжапаровго милдеттендирилсин:
- Сүлүктү шаарынын 2024-жылга карата үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, өткөрүлгөн долбоорлордун максаттуу, сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылышын камсыз кылуу жагы;
- Шаардын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Р. М. Жайнаков