Загрузка документа…
БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байтик айылдык кеңешинин 2 отуруму
29 созыв
2023-жылдын 2-майы № 30-п
Көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Рысбеков Кубаныч мырзанын Кашка-Суу айылындагы 4,8 га жаны конушуна (Ала-Арча көчөсүнүн уландысы) Рысбек Чадаевдин атын ыйгарып берүү жөнүндө кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылындагы 4,8 га жаңы конушуна (Ала-Арча көчөсүнүн уландысы) Чадаев Рысбектин наамы ыйгарылсын;
2. Байтик айыл өкмөтү Кашка-Суу айылындагы 4,8 га жаңы конушуна (Ала-Арча көчөсүнүн уландысы) Чадаев Рысбектин наамын ыйгаруу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч жөнөтүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Осмоналиев |