СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXXI сессиясы
2024-жылдын 2-февралы № 152
Сүлүктү шаардык кенешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин, Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 10-главасынын негизинде, шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин жана депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2024-жылга иш-планы бекитилсин (иш план тиркелет);
- Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2024-жылга бекитилген иш-планынын аткарылышын камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине, шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Төрага: Р.М. Жайнаков
Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылыш)кезексиз ХXXI сессиясынын 02.02.2024ж. №152 токтомуна тиркеме
Сүлүктү шаардык кенешинин 2024-жыл үчүн иш-планынын долбоору:
I. Сессияда каралуучу маселелер
| ||||
№ | Каралуучу маселелер | Аткарууга жооптуулар | Маселени даярдоого жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
I - квартал
| ||||
1 | 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө |
Шаардык мэрия Каржы бөлүмү | Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы | I -квартал 2024-жыл |
2 | Шаардын аймагындагы ясли –бала бакчаларында жана балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде тарбиялануучуларга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө
| Шаардык мэрия Шаардык билим берүү бөлүмү | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сакто, мамлекеттик тил , каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | I -квартал 2024-жыл |
3 | Шаардын аймагында шаар куруу жана архитектуранын ченемдеринин жана эрежелеринин сакталуусу боюнча маалымат угуу | Шаардык шаар куруу жана архитектура бөлүмү | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | I -квартал 2024-жыл |
4 | Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин аткарган иштери жөнүндө | Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысы | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | I - квартал 2024-жыл
|
II - квартал
| ||||
1
| “Сүлүктү тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө | “Сүлүктү тазасууканал” муницпалдык ишканасынын жетекчиси | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | II -квартал 2024-жыл |
2 | Шаардын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобонун аткарылышы жөнүндө | Шаардык мэрия | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сакто, мамлекеттик тил , каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | II -квартал 2024-жыл |
3 | Шаардын аймагында жашы жете элек балдар арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык мэриянын жана аймактык тескөөчүлөрдүн (участкалык инспекторлордун) жүргүзгөн иштери жөнүндө | Шаардык мэрия Шаардык ички иштер бөлүмү | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сакто, мамлекеттик тил , каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | II -квартал 2024-жыл |
III - квартал
| ||||
1 | Шаардын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө | Шаардык мэрия шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | III- квартал 2024-жыл |
2 | Сүлүктү шаарындагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери, аларды колдоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө | Шаардык мэрия Шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сакто, мамлекеттик тил , каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | III - квартал 2024-жыл
|
3 | Шаардын муниципалдык турак жай фонду боюнча Инвентаризациялоо комиссиясынын маалыматын угуу. | Муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы “Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | III -квартал 2024-жыл |
IV - квартал | ||||
1 | “Сүлүктү тазалык” МИнын аткарган иштери жөнүндө | “Сүлүктү тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси
| Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | IV квартал 2024-жыл
|
2 | 2023-2027-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын 2024-жылга аткарылышы жөнүндө | Шаардык мэрия | Туруктуу комиссиялар | IV квартал 2024-жыл
|
3 | Шаардык кеӊештин 2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө | Шаардык кенештин аппараты | Депутаттык фракциялардын жетекчилери
Шаардык кеӊештин аппараты | IV квартал 2024-жыл
|
II. УЮШТУРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАСЕЛЕЛЕР:
№ | Аткарылуучу иштер | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Шаардык кеӊештин депутаттары жана коалиция, фракциялар менен иш алып баруу | Шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
2. | Шаардык кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуулардын графигин түзүү жанаи уюштуруу иштерин жүргүзүү | Шаардык кеӊештин төрагасы Фракциялардын жетекчилери, шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
3 | Шаардык кеӊештин иш кагаздарын электрондук документтер системасы (СЭД) жана Е Кызмат программасы менен иш жүргүзүү | Шаардык кеӊештин аппараты
Жооптуу катчы | Ар дайым |
4 | Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары менен иш жүргүзүү | Шаардык кеӊештин башкы жана жетектөөчү адиси | Ар дайым |
5 | Шаардык кеӊештин депутаттарын жана жооптуу кызматкерлерин окутууларды, семинарларды уюштуруу, уюштурулган окуу семинарларга катышууну камсыз кылуу. КРнын министрлер кабинетине караштуу МКЖӨАБИ боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу менен | Шаардык кеӊештин төрагасы Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы Шаардык кеӊештин депутаттары | Макулда шуу менен |
6 | Шаардын калкы тарабынан келген арыз, кайрылуулар боюнча иш алып баруу | Шаардык кеӊештин депутаттык фракциялары Жооптуу катчы | Жыл ичинде |
7 | Видео конференциядарды сапаттуу уюштурууну камсыздоо.
Сессиялардын стенограммасын жүргүзүү | Шаардык кеӊештин аппараты
Кеӊештин жетектөөчү адиси | Жыл ичинде |
Эскертме: Шаардык кеӊештин компетенциясына кирген жергиликтүү маанидеги маселелер зарылчылыгына карап кошумча маселе катары каралат.
Жооптуу катчы: М.К. Джураева