Документке
Мурунку02.02.2024

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) XXXI сессиясы

2024-жылдын 2-февралы № 155

Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби  жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын 21.11.2023ж. №01-12/3015 чыгыш сандуу Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби жөнүндө Жобосун бекитүүжана шаардык кеӊештин 05.04.2023-ж. №103 “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомун жокко чыгарууну сунуштаган каты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 39-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби  жөнүндө Жобосу бекитилсин; (Жобо тиркелет)

2.    Сүлүктү шаардык кеӊешинин XXIV сессиясынын 05.04.2023ж. №103 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын;

3.    Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 Төрага: Р.М. Жайнаков

                                                                                                           «Бекитемин”

Сүлүктү шаардык

кеңешинин төрагасы

________Р.М. Жайнаков

“____”____________2024-ж.

Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби боюнча

ЖОБО

I – бөлүм. Жалпы жоболор.

II – бөлүм. Чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугу.

III – бөлүм. Муниципалдык кыймылсыз/кыймылдуу мүлктөрүн пайдаланууга, ижарага берүү жана сатуу тартиби.

IV – бөлүм. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн тартиби.

V – бөлүм. Кызматтык турак жайлар.

VI – бөлүм. Муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү.

VII – бөлүм. Тооруктарды уюштуруу жөнүндө.

VIII – бөлүм. Аукцион түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү.

IX – бөлүм. Конкурс түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү.

X – бөлүм. Муниципалдык мүлктү ижарага, пайдаланууга берүү боюнча түзүлгөн келишимдерди өзгөртүү, толуктоо жана жокко чыгаруу тартиби.

XI – бөлүм. Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу жана тескөө тартиби боюнча Жобосуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.

I – бөлүм. Жалпы жоболор

1.1. Жобо – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын “Жер”, “Турак жай”, “Жарандык” Кодекстеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык аткарууга алынат.

1.2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык муниципалдык мүлккө же анын бир бөлүгүнө чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу укуктарын берүүчү, ижара, муниципалдык баланска алуу/чыгаруу, пайдаланууга өткөрүү боюнча тартибин белгилейт.

1.3. Бул Жобо нормалары төмөнкүлөргө жайылтылат:

- шаардын муниципалдык балансында турган кыймылдуу, кыймылсыз мүлккө;

- шаардын муниципалдык турак жай фондун түзгөн имараттарга;

- балансалык тиешелүүлүгү боюнча муниципалдык менчике өткөрүлүүчү, бүлүнүп бара жаткан курулмаларга, имараттарга;

- шаардын эс алуучу, сейилдөөчү жайларына, калктын маданий-рухий керектөөсүн канааттандыруучу жана тарыхий муниципалдык менчиктеги объекттерге;

- муниципалдык жалпы реестрде камтылган муниципалдык мүлккө;

- канализация системасына, калкты таза суу менен камсыз кылуу системасына (алардын атайын курулмаларына), муниципалдык жолдорго, шаар аймагындагы көпүрөлөргө, жол боюндагы жөө жүргүнчүлөр (тротуар) үчүн арналып бекитилген жер тилкелери, көчө бойлорундагы көрнөк-жарнактарды жайгаштыруучу атайын курулмаларга ж.б.

II– бөлүм. Чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу жана муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу укугу

    1.  Муниципалдык менчикте болгон мүлк муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугу, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугу менен берилет. Чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу үчүн мүлк берилген муниципалдык мекемелер менен ишканалар бул мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Жобонун нормалары менен аныкталган чектерде шаар мэриясынын чечиминин негизинде ээлик кылышат, пайдаланышат жана тескөөгө алышат;
    2.  Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугу менен берилген муниципалдык менчикте болгон мүлктү муниципалдык ишканалар тарабынан акы төлөнүүчү, ишкана бюджетине киреше алып келүүчү келишимдерди түзүп кызмат көрсөтүүсүнө уруксат берилет;
    3.  Өз ишмердүүлүктөрүн үзгүлтүксүз алып баруусу үчүн муниципалдык ишканаларга муниципалдык мүлк болуп эсептелбеген имараттарды өз алдынча ижарага алуусуна уруксат берилет;
    4. Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугу менен берилген имараттарга, имарат жайланган территорияга кошумча курулуш иштерин жүргүзүү шаардык мэриянын макулдугу менен жүргүзүлөт;
    5. Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугу менен берилген кыймылдуу мүлктүн (чарбалык техника) кыймылдаткычтарын (двигатель/мотор) алмаштырууга шаардык мэриянын макулдугу менен уруксат берилет;
    6.  Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугу менен берилген кыймылдуу мүлктү (кызматтык автоунаа, чарбалык техника) айырбаштоого, сатууга, күрөөгө коюга шаардык кеңештин уруксаты талап кылынат;
    1. Муниципалдык мүлк болуп саналган имараттарды жана курулмаларды авариялык/жараксыз деп таап муниципалдык мүлк реестринен чыгарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августунда №518 токтому жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” 2023-жылдын 25-декабрында №358 буйругу менен кабыл алынган, Сүлүктү шаардык кеңеши тарабынан 2024-жылдын 2-февраль айында №154 токтому менен бекитилген Жобо жетекчилике алынат;
    2.  Муниципалдык кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү башкарууда жана пайдаланууда шаар мэриясы муниципалдык мекеме/ишканалардан башка: физикалык, юридикалык жактарды “ыйгарым укуктуу орган” деп табуусуна жол берилбейт;

III– бөлүм. Муниципалдык кыймылсыз/кыймылдуу мүлктөрүн пайдаланууга, ижарага берүү жана сатуу/сатып алуу тартиби

3.1. Тооруктун кайсы бир түрүн колдонуу Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчикте турган объектилерге жана жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү” боюнча комиссиясынын чечими менен аныкталат жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында көрсөтүлгөн жараяндарды сактоо менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат;

3.2. Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү Жобосун жана башка тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын, Сүлүктү шаарынын Уставынын 5-бөлүмүнүн 5.2.-пунктун жетекчилике алып, Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчикте турган объектилерге жана жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү” боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан ишке ашырылат;

3.3. Муниципалдык мүлк болуп саналган жер тилкелерин үй куруу үчүн бөлүштүрүү тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун жана Сүлүктү шаарынын Уставынын 5-бөлүмүнүн 5.2.-пунктун жетекчилике алып, Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы “Жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун берүү” боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан ишке ашырылат;

3.4. Муниципалдык мүлк болуп саналган жер тилкелерин ушул бөлүмдүн 3.2.-3.3.-пунктарында көрсөтүлгөн талаптар, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Сүлүктү шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын корутундусунун негизинде берилүүсү тийиш;

    1.  Муниципалдык кыймылсыз мүлктү (ушул пункттун 2-абзацын кошпогондо), ижарага Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында көрсөтүлгөн жараяндарды сактоо менен шаар мэриясы/ыйгарым укуктуу орган тарабынан мөөнөтүн белгилөө менен чечим кабыл алат.

Жалпы аянты 150 м2  жогору болгон муниципалдык объектердин имараттарын мөөнөтүн белгилөө менен ижарага берүүдө шаардык кеңештин макулдугу талап кылынат;

    1.  Муниципалдык менчиктеги объектердин имараттарын, жер тилкелерин акысыз пайдаланууга берүүдө (Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 32-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарды кошпогондо) шаардык кеңештин макулдугу талап кылынат.
    2. Ушул бөлүмдүн 3.6. – пунктунун шарты менен муниципалдык мүлктү акысыз пайдаланууга берүү боюнча келген сунушту шаардык кеңеш жергиликтүү жамааттын Курултайына алып чыгуу чечимин кабыл алуусуна жол берилет;
    3.  Ушул бөлүмдүн 3.7. – пунктундагы учур орун алса, шаардык кеңеш муниципалдык мүлктү акысыз пайдаланууга берүү боюнча сунушту жергиликтүү жамааттын Курултайынын чечимин эске алуу менен канааттандырат же четке кагат;
    4.  Муниципалдык мүлктү акысыз пайдаланууга берүүдө келишимдин мөөнөтүн шаардык кеңеш белгилейт.
    5. Менчигинин формасынан көз карандысыз муниципалдык баланска алуу максатында башка мүлктөрдү шаар мэриясына/ыйгарым укуктуу органга шаардык кеңештин макулдугу менен сатып алууга жол берилет;
    6.  Муниципалдык мүлк болуп эсептелген турак жай фондунун батирлерин шаардык кеңеш тарабынан бекитилген Сүлүктү шаарынын Уставынын 5-бөлүмүнүн 5.2.-пунктуна ылайык келишимдин негизинде, шаардык мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын чечимине таянып, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүгө тийиш:

а) Муниципалдык турак жай фондунун батирлерин үй шартын жакшыртууга муктаж болгон шаар тургундарына/үй-бүлөлөрүнө №1 кезектүүлүк тизмеси боюнча берилет;

б) Үй шартын жакшыртууга муктаж болгон шаар тургундарынын/үй-бүлөлөрүнүн №1 - №2 кезектүүлүк тизмелерин шаар мэринин биринчи орун басары жыл сайын бекитүүсү жана тескөөсү шарт;

в) Муниципалдык турак жай фондунун батирлерин үй шартын жакшыртууга муктаж болгон шаар тургундарына/үй-бүлөлөрүнө №2 артыкчылык кезектүүлүгү Кыргыз Республикасынын “Турак Жай” Кодексинин нормалары жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен жол жоболоштурулат;

3.12. Көп кабаттуу үйлөрүнүн алдындагы жер тилкелерин кошуп, көп кабаттуу үйдүн имарат жайларындагы жалпы мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пайдаланууга жана ижарага берүүгө укуксуз;

3.13. Муниципалдык менчик объекттерин ипотекага берүү же күрөөгө коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардык кеңештин макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүргүзүлөт;

3.14. Юридикалык жактар менчигинин формасынан көз карандысыз жана физикалык жактар менен муниципалдык мүлктү пайдалануу келишиминин талаптарын так/убагында аткарбагандыгы, максатсыз пайдалангандыгы үчүн ыйгарым укуктуу органга бир жактуу келишимди бузууга жол берилет;

3.15. Муниципалдык мекеме/ишканалар сот тарабынан банкрот деп табылган өкүм күчүнө кирген күнү, муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугу менен берилген кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк кайрадан шаар мэриясынын мүлкү болуп эсептелет;

3.16. Муниципалдык менчикте болгон мүлктү кандай шартта болбосун иштетип жаткан тарап, анын сакталышына (абалына) Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын чегинде жооп берет;

3.17. Муниципалдык мүлк тутумунун бир бөлүгүн түзгөн канализация системасы үчүн, калкты таза суу менен камсыз кылуу системасы үчүн (алардын атайын курулмалары), муниципалдык жолдор, шаар аймагындагы көпүрөлөр, жол боюндагы жөө жүргүнчүлөр (тротуар) үчүн арналып бекитилген жер тилкелери менчиктин башка түрүнө өткөрүлүүсүнө жол берилбейт;

3.18. Муниципалдык мүлк болуп саналган жер тилкелеринин максаттуу багытын өзгөртүү, алар боюнча кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу, трансформациялоо Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлу №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын негизинде ишке ашырылат;

 3.19. Муниципалдык мүлк болуп саналган көчө бойлорундагы көрнөк-жарнактарды жайгаштыруучу атайын курулмаларды ижарага берүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын жетекчилике алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүргүзүлөт;

3.20. Муниципалдык мүлктөн чогултулуучу ижара акысы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт жана шаардык бюджетке кириштелет;

3.21. Муниципалдык мүлк болуп эсептелген жер тилкелерин пайдаланууга/ижарага алуучулар тарабынан (муниципалдык ишканаларды кошпогондо), ал жерге жеңил конструкциядагы курулуштардан башка курулуш иштерин жүргүзүүсүнө тыю салынат;

3.22. Муниципалдык мүлктүн кыймылы боюнча ушул Жободо камтылбай калган учурлары Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат;

3.23. Муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү камсыздандыруу тартиби Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актылары менен жол жоболоштурулат.

IV– бөлүм. Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн тартиби.

    1.  Муниципалдык менчикти менчиктештирүүгө уруксат берүү Сүлүктү шаардык кеңеши бекиткен менчиктештирүү Программасынын негизинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жетекчилике алып ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат;
    2.  Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 12 – беренесинин 2 – пунктун жетекчилике алып шаардын турак жай фондунун батирлерин шаардык кеңеш акысыз менчиктештирүүгө уруксат берет;
    3.  Эгерде муниципалдык менчик объекти белгиленген тартипте ачык тоорукка эки жолу коюлса жана сатылбаса, мындай муниципалдык менчик объектисин менчиктештирүү шаардык кеңештин чечими боюнча тике сатуу жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн;
    4.  Муниципалдык кыймылсыз мүлктү, муниципалдык мүлк реестринен чыгарып башка мамлекеттик ведомстволордун балансына өткөрүү, менчигинин формасынан көз карандысыз башка жактарга сатууда (үй курууну кошпогондо) жана тескерисинче мамлекеттик ведомстволордун/ишканалардын, башка жактардын мүлкүн муниципалдык мүлккө өткөрүү шаардык кеңештин макулдугу менен ишке ашырылат;
    5. Кароосуз калган кыймылсыз мүлктү соттун чечими менен муниципалдык мүлк реестрине өткөрүүдө ушул бөлүмдүн 4.4. – пункту актарууга алынбайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен муниципалдык мүлк реестрине катталат;
    6.  Сүлүктү шаардык менчиктештирүү Программасы үч жылга шаардык кеңеши тарабынан бекитилет;

Сүлүктү шаардык менчиктештирүү Программасынын аткарылуусу боюнча маалымат шаардык кеңешке жыл сайын берилет.

V– бөлүм. Кызматтык турак жайлар

5.1. Шаар аймагынан орун алган үйлөр, көп кабаттуу үйлөрдөгү айрым батирлер кызматтык турак-жай фонду категориясына алуу шаар мэриясынын чечиминин негизинде ишке ашырылат;

 5.2. Кызматтык турак-жай фонду мамлекеттик жана муниципалдык менчикте болушу мүмкүн;

5.3. Кызматтык турак жай берилиши мүмкүн болгон кызматкерлердин категорияларынын тизмеги кызматтык турак жайлардын менчик ээси же анын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленет;

5.4. Муниципалдык баланста турган кызматтык турак жайларды муниципалдык менчик Реестринен чыгарып, менчиктештирүүгө уруксат берилбейт;

5.6. Эгерде мамлекеттик менчикте турган кызматтык турак жайларды менчик ээсинин чечими менен муниципалдык менчике өткөрүп берүү чечими кабыл алынса ушул Жобонун IV– бөлүмүнүн 4.4. – пунктундагы норма колдонулат.

5.7. Ушул Жободо кызматтык турак-жай фонду боюнча калган маселелер Кыргыз Республикасынын “Турак Жай” Кодексинин негизинде жөнгө салынат.

VI - бөлүм. Муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү

    1.  Муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага түз берүү төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн:

- муниципалдык мүлктү пайдаланган ижарага алуучу мурда түзүлгөн ижара келишиминин бардык талаптарын сактап, ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органына ижараны узартуу жөнүндө өтүнүч менен кайра кайрылса;

- объекттин максаттуу багыты маанилүү социалдык маселелерди чечүү менен байланыштуу болуп, мында шаардын/айылдык аймактын чегинде бул социалдык тапшырманы аткарууга жөндөмдүү башка уюмдар болбосо;

- оор кырдаалда турган адамдар: улгайган адамдар, жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү жана башка талапкер болсо;

- мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген муниципалдык жер тилкелери бул адамдарга менчик укугунда таандык имараттар жана курулмалар жайгашса;

- эгерде муниципалдык менчик объекти белгиленген тартипте ачык тоорукка эки жолу коюлса жана сатылбаса, мындай муниципалдык менчик объектисин менчиктештирүү шаардык кеңештин чечими боюнча тике сатуу жолу менен жүргүзүлүүсүнө жол берилет.

    1.  Муниципалдык менчиктеги объекттерди түз сүйлөшүүлөр жолу менен ижарага алууга талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына арыз беришет, мында өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- арыз ээси жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери);

- паспорттун көчүрмөсү;

- муниципалдык менчиктеги объекттин жайгашкан жери жана аталышы;

- максаттуу багыты;

- муниципалдык мүлктү түз берүү үчүн негиздеме.

8.     Комиссия арызды жана тиешелүү документтерди карап чыгат, андан кийин чечим кабыл алат, бул чечим протокол түрүндө таризделет.

9.     Комиссиянын чечиминин протоколу муниципалдык менчиктеги объектти түз сүйлөшүүлөр жолу менен ижарага берүү боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кароого киргизет.

    1.  Шаардык мэриянын тиешелүү токтому/тескемеси кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы/ыйгарым укуктуу орган менен ижарачынын ортосунда ижара келишими түзүлөт.

VII – бөлүм. Тооруктарды уюштуруу жөнүндө

7.1. Тооруктарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:

- муниципалдык мүлктү ижарага берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын макулдугу жөнүндөгү чечими;

- муниципалдык менчиктин айрым объекттерин ижарага берүү боюнча шаар мэриясынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык коргоо программасынын талабы;

- муниципалдык мүлктү ижарага алуу боюнча жеке жана юридикалык жактардын арызы.

7.2. Тооруктарды өткөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктеги объекттерге ижара укугун берүү боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) түзөт;

7.3. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киргизилет;

7.4. Комиссиянын курамы, анын төрагасы жана катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын чечими менен бекитилет;

7.5. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 5 адамдан кем болбойт;

7.6. Тооруктарды даярдоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы:

- пландаштырылган тооруктар боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзөт;

- тоорукка катышууга талапкерлерден арыздарды кабыл алууну уюштурат;

- тооруктарды өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечет.

7.7. Комиссия:

- келип түшкөн өтүнмөлөргө ушул Жобонун талаптарына ылайык баа берет;

- тооруктун жыйынтыгын протокол түрүндө бекитет жана аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына чечим кабыл алуу үчүн жиберет;

- муниципалдык менчиктеги объекттерди ижарага берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо каралган компетенциясынын чегинде карайт.

Ижарага берүүчү (ыйгарым укуктуу орган) тооруктарды өткөрүү үчүн төмөнкү документтерди даярдап, талапкерлерге берет:

- кыймылдуу же кыймылсыз мүлк объектисине үчүнчү жактардын укуктарынын жоктугу жөнүндө тастыктоочу маалым катты;

- техникалык паспорттун көчүрмөсүн же объектинин техникалык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде техникалык коммуникациялар жөнүндө маалыматты;

- муниципалдык менчиктегиобъекттин баалоочу же баланстык наркын;

- муниципалдык менчиктеги объекттер боюнча орточо айлык амортизациялык чегерүүлөрдүн эсебин;

- жергиликтүү салыктар (жер салыгы, мүлк салыгы) боюнча эсептерди;

- муниципалдык менчиктегиобъекттин ижара акысынын баштапкы наркын.

Ижарага берүүчү арыз ээсинин талабы боюнча анын техникалык абалын текшерүү максатында ижара объектисине кирүүнү камсыз кылууга тийиш. Арыз ээсинин талабы боюнча ижарага берүүчү таанышып чыгуу үчүн объектке укук белгилөөчү жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.

7.    Өткөрүлгөн тооруктар жөнүндө кулактандыруу маалымат такталарына, шаардын/айылдык аймактын, расмий сайтына, социалдык тармактарга жана башка маалымат каражаттарына тоорук башталганга чейин 30 күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.

Кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- объекттин аталышы жана анын жайгашкан жери;

- объекттин максаттуу багыты;

- тооруктарды өткөрүүнүн шарттары, күнү, орду;

- тооруктун баштапкы баасынын өлчөмү;

- арыздарды жана документтерди кабыл алуу башталган жана аяктаган күнү;

- тооруктун катышуучуларына коюлган квалификациялык талаптар (конкурс өткөрүлгөн учурларда);

- тоорук маселелери боюнча кошумча маалымат алууга шарт түзгөн арыздарды кабыл алуучу жердин дареги.

7.9. Талапкерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына 1-тиркемеде келтирилген форма боюнча коштомо документтерди чапталган конвертке салып беришет.

    1.  Талапкерлерди каттоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жооптуу кызматкери жүргүзөт. Кызматкер каттоо фактысы жөнүндө талапкерге кабарлоо менен атайын каттоо журналына киргизет; тиркемени алып салдым.

8.    Тоорукка каттоодон өткөн жана белгиленген форма тиркемени алып салдым боюнча арыз берген талапкерлер катыша алышат;

9.     Эгерде тоорукка катышкандардын саны экиден кем болбосо, тоорук өттү деп таанылат;

10. Муниципалдык менчиктеги объектти ижарага берүүнүн баштапкы баасы объектиге байланышкан жер салыгынын, ошол объект үчүн мүлк салыгынын суммасынан кем болбоого тийиш;

11. Муниципалдык менчиктеги объектти ижаралоонун баштапкы баасын мүлктү баалоо боюнча сертификацияланган адистин корутундусунун негизинде белгилөөгө жол берилет;

12. Тоорук эки этап менен өткөрүлөт;

13. Биринчи этапта Комиссия өтүнмөлөрдү берилген документтердин толуктугу боюнча талаптардын сакталганына жараша баалайт;

14. Экинчи этапка өтүнмөлөрү берилген документтердин толуктугу боюнча тооруктун талаптарына шайкеш келген талапкерлер киргизилет.

15. Экинчи этапта төмөнкүлөргө баа берилет:

- аукцион үчүн – сунуш кылынган максималдуу баа боюнча;

- конкурс үчүн – коюлган максатка жетүү үчүн эң жакшы сунушталган шарттар боюнча.

7.19. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес кворуму болгондо жөнөкөй көпчүлүктүн добуштары менен кабыл алынат;

7.20. Добуштар тең болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат;

7.21. Тооруктарды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия протоколго кол койот, бул протокол тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына жиберилет;

7.22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы Комиссиянын мүчөлөрү ушул Жобону бузгандыгынын фактысы ырасталган учурда гана Комиссиянын пикирине макул болбоого укуктуу.

7.23. Арыздарды баалоону жүргүзүүдө техникалык мүмкүнчүлүк болгондо Комиссиянын жыйындарын онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.

VIII – бөлүм. Аукцион түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

8.     Аукционду өткөрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы аукционду алып баруучуну дайындайт;

9.     Аукциондун “арымы” баштапкы ижара акынын 10% чейинки өлчөмүндө белгиленет;

10.  Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун “арымын” аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат;

11.  Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат;

12.  Аукционду алып баруучу аукциондун баштапкы баасын жарыялайт жана катышуучуларга бааны аукциондун белгиленген “арымынан” кем эмес өлчөмдө жогорулатуу сунушу менен кайрылат;

13.  Аукциондун катышуучусу өзүнүн билетин көтөрүп, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макулдугун тастыктоо менен аукционду алып баруучуга кайрылат;

14.  Эгер аукционду алып баруучу кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы – жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат;

15. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш (4-тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат;

16. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия аукциондун биринчи жеңүүчүсүнөн кийин экинчи жогорку бааны сунуштаган катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде рейтингде экинчи орунду ээлеген катышуучу аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат;

17. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижаралоо келишими түзүлөт;

18. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:

- бир катышуучу катышса,

- ушул бөлүмдүн 8.9. – пунктундагы абал түзүлүп калган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;

- баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу жогорку бааны сунуш кылбаса.

19. Аукцион өткөн жок деп таанылган учурда кайрадан аукцион дайындалат;

20. Эгер экинчи аукцион да өткөн жок деп таанылса, Комиссия ижара укугун кайрадан өткөрүлгөн аукциондун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга же тоорукту жокко чыгарууга укуктуу.

IX – бөлүм. Конкурс түрүндө тооруктарды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

9.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык менчиктеги объекттин максаттуу багытын жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү жамаатты социалдык коргоо программасынын талаптарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын чечимдерине жараша аныктайт;

9.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы максаттуу багыттын негизинде объектти пайдалануу боюнча конкурстук талапты иштеп чыгат жана шаар мэри тарабынан бекитилет, ал конкурска катышууну каалагандарга берилет;

9.3. Арыз берүүчүлөрдөн конкурстук сунуштарды ачуу Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашырылат;

9.4. Комиссия келип түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурстун катышуучусунун маалыматтарын, конкурстун негизги шарттарын жарыялайт жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет;

9.5. Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө Комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу;

9.6. Конкурстун ар бир катышуучусуна конкурстук сунушуннегиздеп берүү укугу берилет;

9.7. Конкурстук сунуштарды 5-тиркемеде берилген критерийлердин негизинде Комиссиянын ар бир мүчөсү өз-өзүнчө баалап чыгат;

9.8. Конкурстун жеңүүчүсү ар бир өтүнмө боюнча Комиссиянын мүчөлөрү койгон упайларды суммалоо жолу менен аныкталат;

9.9. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Конкурстун бардык катышуучуларынын упайларын жана конкурстун жеңүүчүсүнө берилген бааны көрсөтүү менен протокол түзүлөт. Протоколдун формасы 6-тиркемеде;

9.10. Конкурстун эки же андан көп катышуучулары алган упайлар тең болгон учурда берилген конкурстук сунуштарды кайталап баалоо менен кошумча талкуулоо жүргүзүлөт;

9.11. Эгерде кайталап баалоо бир жеңүүчүнү аныктай албаса, анда чечим бирдей жогорку упай алган катышуучулардын ортосундагы чүчү кулактын негизинде кабыл алынат;

9.12. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып беш иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы/ыйгарым укуктуу орган менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда ижара келишими түзүлөт;

9.13. Эгер конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Комиссия конкурстун биринчи жеңүүчүсүнөн кийин экинчи орунду ээлеген катышуучуга протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгерде экинчи орунду ээлеген катышуучу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.

9.14. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:

- бир катышуучу катышса:

- ушул бөлүмдүн 9.13. - пунктунда каралган экинчи орунду ээлеген тооруктун катышуучусу конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;

- эгерде Комиссиянын пикири боюнча бир дагы өтүнмө конкурс үчүн коюлган талаптарга жооп бербесе.

9.15. Конкурс өтпөй калды деп таанылган учурда, кайрадан конкурс дайындалат;

X – бөлүм. Муниципалдык мүлктү ижарага, пайдаланууга берүү боюнча түзүлгөн келишимдерди өзгөртүү, толуктоо жана жокко чыгаруу тартиби

10.1. Муниципалдык мүлктү ижарага, пайдаланууга берүү боюнча түзүлгөн келишимге өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө зарылчылык келип чыккан учурда, келишим түзгөн тараптар (ижарага, пайдаланууга алуучу жана шаардык мэрия/ыйгарым укуктуу орган (мындан ары Тараптар)) ал жөнүндө бир жумушчу календардык жума алдын ала эскертүүгө тийиш;

Эгерде муниципалдык мүлктү акысыз пайдаланууга берүү боюнча шаардык кеңеш токтом кабыл алган болсо, шаардык мэрия/ыйгарым укуктуу орган токтомду жокко чыгаруу демилгесин көтөрөт;

10.2. Муниципалдык мүлктү ижарага, пайдаланууга берүү боюнча түзүлгөн келишим төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

- келишим түзүлгөн мөөнөтү аяктаганда;

- мөөнөтүнөн эрте Тараптардын макулдугу менен;

- Тараптардын биринин талабы боюнча;

- келишимдин шарттары максатсыз аткарылып жаткан учурда муниципалдык мүлктү ижарага, пайдаланууга берүүчү - шаардык мэрия тарабынан бир жактуу келишимди бузууга жол берилет.

10.3. Тараптардын өз ара жаралган талаш-тартыш маселелери сот тарабынан чечилет.

XI – бөлүм. Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу жана тескөө тартиби боюнча Жобосуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби

11.1. Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси боюнча төмөнкүлөр шаардык кеңешке сунуш бере алат:

- Сүлүктү шаарынын мэри;

- Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы;

- шаардык кеңештин коалициясы;

- шаардык кеңештин депутаттык тайпалары;

- шаардык кеңештин бир фракциясы;

- шаардык кеңештин кеминде 1/3 депутаттары.

11.2. Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин шаардынжергиликтүү жамаатынын Курултайынынделегаттарына дашаардык кеңешке сунуш иретинде киргизүүгө уруксат берилет;

11.3. Шаардык кеңештин төрагасы Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор түшкөндөн кийин шаардык кеңештин депутаттарын, тиешелүү адистерди камтыган убактылуу комиссия түзүү укугу берилет.

Эгер шаардык кеңештин төрагасы убактылуу комиссия түзүү зарылчылыгы жок деп тапса, Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор, ушул бөлүмдүн 11.4. – пунктунда каралган норма жетекчилике алынат;

11.4. Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор шаардык кеңештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясында каралып сессияда бекитилет;

11.5. Ушул Жобого толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор шаардык кеңештин сессиясында каралып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде токтом катталгандан кийин күчүнө кирди деп эсептелет.

Жооптуу катчы: М. Джураева

Жаңы27.01.2025

Сүлүктү шаардык кенешинин 2025-жылдын 27-январындагы №01-5/9 токтомунун редакциясына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ