Редакцияот 02.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Байтик айылдык кеңешинин 2 отуруму

 29 созыв

2023-жылдын 2-майы № 30-п

Каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

КФ «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» нун долбоору менен атайын техникаларды алуу боюнча Байтик айыл округунун башчысынын маалыматын талкуулап, карап чыгып, Байтик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байтик айыл өкмөтү тарабынан  КФ «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» менен Байтик айыл аймагынын муниципалдык ишканасынын ортосунда «Максаттуу каржылоо жөнүндө» эки тараптуу келишим түзүүгө көмөк көрсөтүлсүн;

2. Атайын техника сатып алуу үчүн КФ«Жаратылышты өнүктүрүү фонду» на 1 миллион 800 миң сом (бир миллион сегиз жүз миң сом) өлчөмүндө үлүштүк салымды төлөөгө каражат бөлүнүп берилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. Осмоналиев