КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-декабры № 1727-VII
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 20-октябрындагы чыг. № 18-8825) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |