Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2023-жылдын 16-октябры № 277
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы №293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары – тизме) ушул буйрукка тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү;
- ушул буйрук 2023-жылдын 3-мартындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобосунун 16-пунктуна ылайык каттоого алсын;
- ушул буйрукту Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарларына, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине, аймактык башкармалыктарынын жетекчилерине жеткирсин.
3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүпберилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобосунун 17-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомунун 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жарыяланган датасын белгилөө менен жарыяласын.
4. Өздүк коопсуздук башкармалыгы:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Персонал менен иштөө башкармалыгы кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын келип чыгуу коркунучун азайтуу максатында, мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо планын түзсүн.
6. Төраганын орун басарлары кураторлук кылган түзүмдүк бөлүктөр тарабынан ушул буйруктун аткарылышын контролго алышсын.
7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылдын 7-февралындагы №45 жана 2020-жылдын 9-июнундагы №165 буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
9. Ушул буйрук расмий жарыяланган учурдан тартып 7 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К.Абдувапов |