Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеӊешинин 28 чакырылышынын кезектеги 17- сессиясы

 

2023-жылдын  5-сентябры № 28/17-1

Айыл аймактарды бириктирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик – аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” №350 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын” 4.4 – бөлүмүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобосу жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 8-августундагы №226-Т тескемесин аткаруу максатында Ананьево айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы С.К.Мамагуловдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Ананьево айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Ананьево айыл аймагы (Ананьево, Көк-Дөбө, Чет-Байсоорун айылдары), Ж.Абдрахманов айыл аймагы (Жаркынбаев, Кароол –Дөбө айылдары), Өрүктү айыл аймагы (Өрүктү, Чоң – Өрүктү, Орто-Өрүктү айылдары)  бир айыл аймак болуусуна макулдук берилсин.

2.    Түзүлгөн айыл аймагы “Жусуп Абдрахманов айыл аймагы” болуп аталышына макулдук берилсин.

3.    Жаңы уюшулган “Жусуп Абдрахманов” айыл аймагынын административдик борбору Ананьево айылында жайгашсын.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-        Мамлекеттик тилде “Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси

-        Расмий тилде Учреждение “Айыльный кенеш Жусуп Абдрахмановского айыльного аймака”

 

Кыскартылган фирмалык аталышы:

-        Мамлекеттик тилде “Жусуп Абдрахманов айыл аймагы” мекемеси

-        Расмий тилде Учреждение “Айыльный аймак Жусуп Абдрахманова” 

4.    Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын Жобосу бекитилсин. 

5.    Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын юридикалык дареги болупКыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Ананьево айылы, Ленин көчөсү №120 болуп аныкталсын.

6.    Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьево айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

7.    Ушул токтомдун аткарылышын Укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага 

 

С.К.Мамагулов