КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры №58
Ирригация тутумун жакшыртуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айыл аймагындагы Бөлтүрүк арыгына суу аштоосун алуу үчүн көп акча каражаты жумшалгандыктан кол күчү менен 4 км аралыкка арык ичин бетондоо жолу менен суунун ысырапсыз алып келүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 40-сессиясы токтом кылат:
1.Кара-Суу айыл аймагындагы Бөлтүрүк арыгына суу аштоосун алуу үчүн көп акча каражаты жумшалгандыктан кол күчү менен 4 км аралыкка арык ичин бетондоо жолу менен суунун ысырапсыз алып келүү жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.
2.Арык ичин бетондоо жолу менен суунун ысырапсыз алып келүү үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.Биримкулов |