Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVIII чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

 

2021-жылдын 3-августу № 8

 

2017-жылдын 12-майындагы №18 “Садыр аке айыл аймагынын Турак-жай комууналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жумуш акыларын бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү жөнүндө

 

Садыр аке айыл аймагынын Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жумуш акыларын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы токтом кылат:

1. Садыр аке айыл аймагынын Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жумуш акылары төмөндөгүдөй беитилсин:

    1. Айыл тургундарынан таза сууга – ар бир адамдан бир айга – 10 сом.

    2. Коомдук тамактануу жайлардан (кафе), чач-тарач, коомдук мончо, ар бир мекеме ишкана менчигине карабастан – бир айга 200 сом.

    3. Yйгө суу киргизүүгө уруксат алуу – 1600 сом.

    4. Таштанды ташып чыгаруу ар бир үйдөн айына – 50 сом.

    5. Коомдук мончолордун септиги  жок, саркынды суу арыктарга куюлуп жатса – айып (штраф) – 2000 сом.

    6. Таза сууну максатсыз пайдаланса – айып 2000 сом.

    7. Таштандыны мыйзамсыз жерлерге төгүү (арык, жолдун жээги, муниципалдык жерлерге ж.б.) айып – 2000 сом.

    8. Көчөгө малдын кыгын (навоз), курулуш материалдарын (кум, таш, топурак ж.б.) төккөндөргө -айып 2000 сом.

    9. Көчөгө, арыктын жээктерине мал сою- айып- 2000 сом.

 

2. Ар бир үйдүн эшигинин алдында жаткуан курулуш материалдары 9таш, кум, топурак ж.б.), эгерде курулуш иштери жүрүп жатса 1 айлык убакытка уруксаат берилсин, убактысы аяктаганда үйүнө киригизүү же ташып чыгаруу үй ээсине милдеттендирилсин. Эгерде үй ээси мөөнөтү келгенде тазалап чыгарбаса, ТЖКЧ мекемесинин кызматкерлери жогоруда көрсөтүлгөн материалдарды жүктөп кетүүгө милдеттүү экендиги маалымдалсын.

 

3. Облустук Ютиция башкармалыгынын ушул токтомду Мамлекеттик реесрге киргизип берүү жагы суралсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышы Турак жай комуналдык чарба жана жашоо-тиричиликти камсыздоо тутмунун жетекчиси Э.Чечкенбаевге жана эсепчиси Н.Баялиевага милдетендирилсин.

         

 

Төрага                                                                                             Б .Чичканбаев