Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 03-декабры № 14-6
Кыргыз-Ата айыл кеңешинин бекитилген 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 9-4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл кеңешинин бекитилген 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 9-4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл кеңешинин бекитилген 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 9-4 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү жерлерди жана жерди аукционго сатуу-сатып алуу боюнча мыйзам чегинде ишти аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Женишбай уулу Э.
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин
(жетинчи шайланган) кезектеги
он төртүнчү сессиясынын 2022-
жылдын 03-декабрындагы № 14-6
токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамы:
1. Т. Садиров – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы
2. Ж. Нурматов – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
3.
Мүчөлөрү:
кырдаалдар боюнча башкы адиси
Жооптуу катчы К. Заирова