Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

 

2023-жылдын 3-ноябры  №60

                                                                     

 

Калктуу конуштарга тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу жөнүндө

 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айыл аймагындагы калктуу конуштарга тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу үчүн вакуумдук машина сатып алуу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз 40-сессиясы токтом кылат:

 

1.                  Айыл аймагындагы калктуу конуштарга тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу үчүн вакуумдук машина сатып алуу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.

2.                  Калктуу конуштарга тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу үчүн вакуумдук машина сатып алуу үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

3.                  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

  

 

Төрага     

 

Р.Биримкулов