Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Авлетим айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2023-жылдын 18-августу № 18/1

Авлетим айыл аймагынын Чыгыш-Жол участкасына Альфа-Телеком уюлдук операторунун уюлдук базалык станциясын орнотуу үчүн Чыгыш-Жол участкасынан 5*5 (25 чарчы метр) жер тилкесин ижарага берүү жѳнүндѳ

Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдын 18-июлундагы №208 сандагы катына жана айылдык Кеӊештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 16.08.2023-жылдагы отурумунун №5 протоколуна негиз, сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Авлетим айыл аймагынын Чыгыш-Жол участкасына Альфа-Телеком уюлдук операторунун уюлдук базалык станциясын орнотуу үчүн Чыгыш-Жол участкасынан 5*5 (25 чарчы метр) жер тилкесин ижарага берүүгѳ макулдук берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеӊештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына

 (Тѳрагасы:,Э.Эдилбеков,) жүктѳлсүн.

 

3.Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

 

4..Токтом мамлекеттик тилде жазылды.

 

Тѳрага:

Н.Абдыраманов.