Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

 

2023-жылдын 3-ноябры  № 63

                                                        

Кара-Суу айыл аймагындагы А.Карыпкулов атындагы орто мектепке эмеректерди сатып алуу жөнүндө

 

 А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин директору Н.Асанованын мектептин эмеректерин жаңыртуу келечек муундарга кам көрүү, билим сапатын жогорулашы, балдардын коопсуздугун алдын алуу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 40-сессиясы токтом кылат:

 

1. А.Карыпкулов атындагы орто мектепке эмеректерди сатып алуу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.

2. Мектепке эмеректерди сатып алуу үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

         

 

Төрага                

 

Р.Биримкулов