Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 3-ноябры № 66                                                                      

 

                                              Өзүнө тиешелүү сарайын кеңейтүү жөнүндө

 

         Кара-Суу айылынын тургуну Бекеев Мирлан Жайсанбековичтин сарайын кеңейтүү жөнүндөгү жазган арызын карап жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 40-сессиясы токтом кылат: 

 

1.               Кара-Суу айыл аймагына караштуу күңгөй бетинде №881-чөйрө сызыгында жайгашкан өзүнө тиешелүү сарайын кеңейтүү үчүн күн батыш тарабынан 0,07 га жер участогу бөлүнүп берилсин.

 

2. Жер участогун бөлүп берүү жана куруулучу сарайдын ордун чектеп берүү керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинини Талас райондук филиалына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага     

 

Р.Биримкулов