Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 3-ноябры  №67                                                                 

 

Стоматологиялык кабинетке жабдууларды алуу жөнүндө

 

          Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун айыл аймагындагы стоматологиялык кабинетке жабдууларды алуу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз 40-сессиясы токтом кылат:

 

1.              Айыл аймагындагы стоматологиялык кабинетке жабдууларды алуу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.

2.              Стоматологиялык кабинетке жабдууларды алуу үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

3.              Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага     

 

Р.Биримкулов