КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры №68
Республикалык бюджеттин бирдиктүү салыгынан түшкөн компенсациясын киреше бөлүгүнүн планына отургузуу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Республикалык бюджеттин бирдиктүү салыгынан түшкөн компенсациясын киреше бөлүгүнүн планына отургузуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясы токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен түшкөн бирдиктүү салыктын компенсациясы 6900 сом акча каражаты киреше бөлүгүнүн планына отургузулсун.
2. Республикалык бюджеттен түшкөн бирдиктүү салыктын компенсациясы 6900 сом акча каражаттын ичинен 1500 сом мектептин ар кандай чыгымдарына, айыл өкмөтүнүн башкаруу бөлүмүнүн ар кандай чыгымдарына 54000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Эсеналиева бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Р.Биримкулов |