АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 29-сентябры № 19/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо жѳнүндѳгү ПЖ№435 Жарлыгынын негизинде Кызыл Туу айыл ѳкмѳтүн Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн курамына кошуу жѳнүндѳ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо жѳнүндѳгү ПЖ№435 Жарлыгынын негизинде жана Авлетим айылдык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы биргелешкен отурумунун
№1 протоколуна негиз Кызыл Туу айыл ѳкмѳтүн Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн курамына кошулуусуна макулдук берилсин.
2. Кызыл Туу айыл ѳкмѳтү, Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн курамына кошулгандан кийин,айыл ѳкмѳтүнүн борбору Авлетим айылы деп белгиленсин.
3. Кызыл Туу айыл ѳкмѳтү, Авлетим айыл ѳкмѳтүнүн курамына кошулгандан кийин,айыл аймактын аты Сары-Челек айыл аймагы деп аталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеӊештин туруктуу комиссияларына (Тѳрагалары:Б.Нурматов,Э.Эдилбеков,А.Шайдиев,А.Мырзамамытова) жүктѳлсүн.
5. Токтом avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
6. 4.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Тѳрага: | Н.Абдыраманов. |