Редакцияот 05.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

  

2023-жылдын 5-декабры  №69                                                             

 

Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону

 жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомуна ылайык, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобосун” жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамын бекитүү маселесин карап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезектеги 41-сессиясы токтом кылат:

1.                                                Кара-Суу айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.                                                Кара-Суу айыл аймагында укук бузуулар боюнча иштерди кароо үчүн комиссиясынын курамы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Кабылова Айнур Турарбековна               -айыл өкмөтүнүн экономика жана         

                                                                    статистика боюнча жетектөөчү адис,

                                                                     комиссиянын төрайымы;

Орозбаева Анара Докдурбековна            -айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы 

                                                                    адис, комиссиянын катчысы;

Мүчөлөрү:

Усмонова Юлдуз Магдижоновна          -айыл өкмөтүнүн маалыматтык-компьютердик

                                                                    технологиялар боюнча адис;

Кабылбекова Перизат Бактыбековна      -айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча

                                                                    жетектөөчү адис;

Осмонкулов Тынчтык Осмонкулович    -аймактык тескөөчү.

 

3. Бекитилген айыл өкмөтүнүн “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндөгү жобосуна” ылайык бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбеков камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

        

 

Төрага     

 

Р.Биримкулов