Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 527 токтомуна) |
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы N 39 токтомунун редакцясына ылайык)
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча маалыматты топтоонун жана алмашуунун негизги эрежелерин аныктайт.
2. Маалыматты топтоо жана алмашуу тартиби болжолдонгон жана/же болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкты маалымдоо боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, шаарлардын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын ортосундагы бирдиктүү, координацияланган жана макулдашылган өз ара аракеттенүү үчүн негиз болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы N 39 токтомунун редакцясына ылайык)
3. Калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы маалыматты топтоону жана алмашууну уюштуруунун негизги максаты болуп өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн, ошондой эле болжолдонгон жана/же келип чыккан өзгөчө кырдаалдар жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо үчүн Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын керектүү маалыматтар менен камсыздоо саналат.
4. Маалыматты топтоо жана алмашуу иш-чараларын уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн негиз болуп болжолдонгон жана/же келип чыккан өзгөчө кырдаалдар, алардын түрлөрү жана адам курмандыктарын алып келиши мүмкүн болгон же алып келген көрүнүштөр жөнүндө фактылардын болушу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян алып келиши, олуттуу материалдык жоготуулар жана калктын жашоо-тиричилик шарттарынын бузулушу саналат.
Маалыматта Кыргыз Республикасынын аймагында болжолдонгон жана/же келип чыккан өзгөчө кырдаалдар жана алардын кесепеттери жөнүндө, радиациялык, химиялык, медициналык-биологиялык, жарылуу, өрт жана экологиялык коопсуздук жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
5. Жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна коркунуч туудурган өзгөчө кырдаалдар жана алардын кесепеттери тууралуу маалымат ачык жана айкын болот.
2-бөлүм. Маалыматтын түрлөрү жана булактары
6. Маалыматты эркин формада же Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган бекитүүчү белгиленген формада берүүгө болот.
7. Максатына жараша учурдагы жана ыкчам маалымат болуп бөлүнөт:
1) учурдагы маалыматка Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын күнүмдүк ишине арналган маалымат кирет, мында учурдагы маалыматты тиешелүү аймактардагы жана потенциалдуу коркунучтуу объекттердеги радиациялык, химиялык, медициналык-биологиялык, жарылуу, өрт жана экологиялык коопсуздуктун абалы, өзгөрүүлөр жөнүндө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын даярдыгы жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга арналган күчтөрдү жана каражаттарды даярдыкта кармоо боюнча көрүлгөн жана пландалып жаткан чаралардын натыйжалуулугу тууралуу маалыматтар түзөт;
2) ыкчам маалыматка өзгөчө кырдаалдын коркунучу же келип чыгышы, авариялардын, кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын мүмкүн болуучу масштабын баалоо, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү жөнүндө Жарандык коргонуунун бардык кызыкдар башкаруу органдарын жана калкты кабарлоого арналган маалымат кирет, мында ыкчам маалыматты авариялардын, кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдын фактысы жана негизги параметрлери жөнүндө, калкты жана аймактарды коргоо боюнча биринчи кезектеги чаралар, тартылган күчтөр менен каражаттар, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштердин жүрүшү жана аякташы жөнүндө маалыматтар түзөт.
8. Шашылыш деңгээли боюнча маалыматта шашылыш жана шашылыш эмес мүнөздөгү маалыматтар камтылышы мүмкүн:
1) шашылыш эмес мүнөздөгү маалыматтар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды талдоо, статистикалык эсепке алуу, жана пландоого арналат жана өзгөчө кырдаал келип чыккандагы жана кесепеттерин жоюудагы аракеттерге тандоону, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча ар жылдык баяндаманы түзүү үчүн маалыматтарды, авариялардын, кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын эсебин алуу, мезгилдүү жана учурдагы отчеттуулук үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыйт;
2) шашылыш мүнөздөгү маалыматтар кырдаалды баалоо, калкты коргоо боюнча биринчи кезектеги чараларды көрүү, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштердин жүрүшүн баалоо, көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун жана кошумча чараларды көрүүнүн зарылдыгын баалоого арналат жана авариялардын, кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын фактылары жана негизги параметрлери, божомолдонгон масштабдары жана кесепеттери, көрүлгөн чаралар, тартылган күчтөр жана каражаттар жөнүндө, иштин күчөтүлгөн режимдерин белгилөө жөнүндө, авариялардын, кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
9. Республиканын аймагындагы маалыматтардын булагы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) айлана-чөйрөнүн абалын, потенциалдуу кооптуу объекттердеги жана ага чектеш аймактардагы абалды байкоочу жана контролдоочу мамлекеттик органдар жана уюмдар;
2) технологиялык процесстери өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу коркунучун жаратышы мүмкүн болгон уюмдар;
3) мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар жана инспекциялар;
4) калктуу конуштардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу системаларынын кызматтары, бөлүмдөрү жана уюмдары;
5) авариялык-куткаруу, авариялык жана өрт өчүрүүчү түзүмдөр;
6) жеке адамдар.
3-бөлүм. Маалыматты топтоо жана алмашуу
10. Маалыматты топтоо жана алмашуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору менен Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, шаарлардын мэрияларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын ортосунда жүзөгө ашырылат.
Маалыматты топтоо жана алмашуу ушул Тартиптин тиркемесине ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды топтоо жана алмашуу схемасы боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы N 39 токтомунун редакцясына ылайык)
11. Болжолдонгон жана/же пайда болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө бардык маалымат Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна жиберилет.
12. Республиканын аймагында шашылыш ыкчам маалыматты топтоо жана алмашуу маалыматтарды төмөнкүдөй тартипте берүү жолу менен ишке ашырылат:
1) адамдардын өлүмү, жашоо-тиричилик шарттарымын бузулушу, калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келүү жана айлана-чөйрөнүн булгануусу менен байланышкан өзгөчө кырдаал же авариялар, кырсыктар келип чыкканда - кырсык болгон жердеги уюмдардын жетекчилери жана кызмат адамдары авария, кырсык, өзгөчө кырдаал келип чыккан учурдан (келип чыгуу фактысы аныкталгандан) тартып 15 мүнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна билдирүүгө милдеттүү;
2) алгачкы ыкчам маалымат эркин формада таризделет жана авариянын, кырсыктын, өзгөчө кырдаалдын келип чыккан убактысы жана алар жөнүндө маалымат алынган убакыт жана кырсыктын мүнөзү, болжолдонгон масштабы (кесепеттери), өз күчү менен жоюу мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтарды камтуусу зарыл;
3) маалыматты телефон же башка байланыш каналдары аркылуу берүүдө кабарланган учурдан тартып 2 сааттын ичинде милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү ырастоо берилет;
4) авария, кырсык, өзгөчө кырдаал фактысы жана негизги параметрлери жөнүндө маалымат кырсыктын келип чыгуу коркунучу белгиленген учурдан тартып 2 сааттан кечиктирбей берилет, мында өзгөчө кырдаал катталган учурдан тартып сутка сайын, ар бир үч саатта кырдаал такталып турат;
5) калкты жана аймактарды коргоо боюнча көрүлгөн чаралар, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн тартылган күчтөр жана каражаттар жөнүндө маалыматтар өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу фактысы тууралуу кабарланган учурдан тартып 3 сааттан кечиктирбей берилет, мында түзүлгөн кырдаал сутка сайын саат 06-00 жана 18-00дөгү абал боюнча 06-30 жана 18-30га карата такталат;
6) өзгөчө кырдаал жөнүндө жыйынтыктоочу маалымат өзгөчө кырдаал жоюлгандан кийин 10 суткадан кечиктирбей берилет.
13. Учурдагы маалымат Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан сутка сайын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна берилет.
14. Шашылыш эмес мүнөздөгү маалымат министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, шаарлардын мэрияларынын тийиштүү кызматтары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн суроо-талабы боюнча берилет, ал кийин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы N 39 токтомунун редакцясына ылайык)
15. Кандайдыр бир маалыматтын жоктугу бардык авариялар, химиялык жана радиациялык кооптуу объекттердеги бузулган жерлер жана радиоактивдүү заттардын атмосферага чыгышы жөнүндө маалыматты кечиктирүүгө негиз болуп саналбайт, авариялардын масштабына жана кесепеттерине карабастан, маалымат токтоосуз билдирилет.
16. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана калкты Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча маалыматтык камсыздоо жана кабарлоо Бирдиктүү маалыматтык башкаруу системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген калкка маалымат берүүнүн жана кабарлоонун жалпы мамлекеттик комплекстүү системасынын мүмкүндүктөрүн пайдалануу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
17. Авариялардын, кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдын эсебин алуу бул маселелерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу болгон Жарандык коргонуунун тиешелүү башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт жана авариялардын, кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу динамикасын, келип чыгуу себептерин, алардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштин натыйжалуулугун талдоо максатында ишке ашырылат.
Маалымат тиешелүү эсепке алуу журналдарына же болбосо автоматташтырылган башкаруу системасынын маалымат базасына киргизилет жана төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) авариялардын, кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдын келип чыккан убактысы жана тиешелүү башкаруу органдарына маалымат жеткирүү убактысы (маалыматтын убактылуу көрсөткүчтөрүн жана маалымат алмашууну уюштуруудагы кемчиликтерди баалоого мүмкүндүк берет);
2) авариялар, кырсыктар жана өзгөчө кырдаал болгон жер (ар кандай түзүмдөрдөгү жана кызматтардагы өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу мезгилдүүлүгүн жана динамикасын баалоого мүмкүндүк берет);
3) авариялардын, кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептери (өндүрүштүк процесстердин коопсуз иштөөсүн уюштурууну жана авариялардын, кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну баалоого мүмкүндүк берет);
4) авариялардын, кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдын масштабы жана кесепеттери (салыштырма мүнөздөмөнү жасоого, тике жана жалпы зыянды натуралай түрдө баалоого мүмкүндүк берет);
5) көрүлгөн чаралар (көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берет);
6) тартылган күчтөр жана каражаттар (аварияларды, кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалды жоюуга күчтөрдүн жана каражаттардын абалын, даярдыгын баалоого мүмкүндүк берет);
7) материалдык зыян (салыштырма мүнөздөмө жасоого, тике жана жалпы зыяндын көлөмүн акчалай түрдө аныктоого мүмкүндүк берет).
18. Республиканын аймагында маалыматты топтоо жана алмашуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жетекчилери же Жарандык коргонуу жаатындагы маселелерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан уюштурулат.
19. Жарандык коргонуу жаатындагы маселелерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу, жооптуу кызмат адамдары авариялар, кырсыктар жана өзгөчө кырдаал фактылары боюнча маалыматты ушул Тартипке ылайык берүүгө милдеттүү.
|
| Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматты топтоо жана алмашуу тартибине тиркеме |
Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды топтоо жана алмашуу СХЕМАСЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-январындагы N 39 токтомунун редакцясына ылайык)