Редакцияот 05.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

 

2023-жылдын 5-декабры  №70                                                                      

 

2024-жылдын 1-январынан баштап, мүлккө болгон салык төлөмдөрүн

чогултуу жөнүндө

 

       Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын 05.12.2023-жылдын №01-2-777 сандуу кайрылуусунун негизинде, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 41-сессиясы токтом кылат:

 

 

1.                  Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, айыл аймагында 2024-жылдын 1-январынан баштап мүлккө болгон салык төлөмдөрү чогултулсун.

 

2. Токтомдун аткарылышы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Эсеналиева жана киреше боюнча башкы адис А.Орозбаевага милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

 

 Төрага     

 

Р.Биримкулов