Редакцияот 05.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

 

 

2023-жылдын 5-декабры №71   

                                                                 

 

  Кара-Суу айылына волейбол, баскетбол ойноочу зал куруу жөнүндө

 

          Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековдун Кара-Суу айылына волейбол, баскетбол залын куруу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезектеги 41-сессиясы токтом кылат:

 

1.               Кара-Суу айылына волейбол, баскетбол залын куруу жөнүндөгү долбоор колдоо тапты.

2.               Кара-Суу айылына волейбол, баскетбол залын куруу үчүн керектүү акча каражаты Талас райондук өнүктүрүү фондусунан суралсын.

3.               Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

       

 

Төрага     

 

Р.Биримкулов